Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

08:40 Быйыл Ысыккөлдө талаптарга жооп бербеген 28 пансионат жабылды


Көпчүлүк пансионаттар тазалоо системасы жоктугунан жабылды. Бул тууралуу билдирген айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Арстанбек Давлеткельдиевдин айтымында, кээ бир эс алуучу жайларда көл жээгине автонуаа менен кирүү уруксат экени жана тазалоо жабдыктары начар иштеп атканы аныкталды. Буга байланыштуу быйыл пансионаттарда тазалоо системаларынын бар жогу гана эмес, алардын сапаттуулугу да текшерүүгө алынат. 2007-жылы жаратылышты коргоо боюнча мыйзамда каралаган талаптарды аткарбаган 11 пансионат жабылган.(MSu)

XS
SM
MD
LG