Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:27

17:19 Жалалабат облусунда азык-түлүк коопсуздук маселеси талкууланды


Облустагы жергиликтүү бийлик башчылары менен үрөнчүлүк чарбалар катышкан жыйында калкты жетиштүү түрдө азык-түлүк менен камсыздоо маселеси ортого коюлду. Чарбалар даярдаган буудай үрөнү дыйкандарга жетишсиз болгону айтылып, коңшу мамлекетке ун-дан азыктарын өткөрбөө жагы сунуш кылынды. Көп бүлөлүү, турмушу начар жана социалдык жактан коргоого муктаж адамдарга 2000 тонна буудайды 15 сомдон сатуу жөнүндө сөз жүрдү. Облус дубанда жашаган миллиондой калкка киши башына 205 килограммдан буудай керек деп, 54 миң гектар жерге буудай сепкен. Адистердин болжолу боюнча облус буудай менен өзүн өзү камсыз кыла албайт жана 90 миң тоннадан ашык буудай жетпей калышы ыктымал. Айыл калкы жамгыр жаабагандыктан адырлардагы күздүк буудай болбой калганын белгилөөдө. ( YA)

XS
SM
MD
LG