Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

ФУТБОЛ: ЕВРОПА-2008 МЕЛДЕШИ КЫЗЫКТУУ БАШТАЛДЫ


Кечээ, 7-июнда Швейцариянын Базел шаарында футбол боюнча Европа чемпионаттын ачылыш аземи болуп, биринчи беттешүү Швейцария жана Чехия --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/06/B0E54B12-B2B9-4264-A20C-AD442C7097C5.ASP улуттук командаларынын ортосунда өтүп, 1:0 эсебинде чехтер алгачкы жеңишке жетишти. Ошондой эле Португалия жана Түркиянын футболчуларынын таймашуусу күрч мүнөздө өтүп, 2:0 эсебинде португалиялыктар утуп, үч упайдын ээси болушту. Эми бүгүн, 8-июнда түнү кыргызстандык күйөрмандар «В» тобундагы атаандаштар Австрия менен Хорватия жана Германия менен Польша өлкөлөрүнүн командалары Европа чемпиондугу үчүн алгачкы таймашууга чыгышат. Европа футбол таймашууларын кыргызстандык күйөрмандар да телеберүүлөр аркылуу көрүп жатышат.

7-июнда Европа чемпионатынын ачылыш аземи Швейцариянын Базел шаарындагы жаңыдан кайра реконструкцияланып курулган 42 миң 500 орундуу “Санкт-Якоб Парк” стадионунда болду.

Алгачкы беттешүү талаа ээлери Швейцария тандалма командасы менен Чехиянын футболчуларынын ортосунда өткөрүлдү. Оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп ачылган жок. Экинчи тайм ортолоп калган убакта Чехиянын “Баник” футбол клубунун чабуулчусу Вацлав Сверкош оюнга жаңыдан кошулуп, 13 мүнөт ойногондон кийин эсепти ачып, өз өлкөсүнө жеңиш алып берди.

Швейцариялыктар өз күйөрмандарына жакшы оюн көрсөтүп, чехтерге каршы татыктуу ойногонун кыргызстандык күйөрмандар дагы белгилешти. Кыргызстандын футзал ассоциациясынын вице-президенти Адылхан Бекболотов дагы швейцариялыктар жакшы ойноду деген пикирде:

- Чынында эле швейцариялыктарга спорттук фортуна же ийгилик келбей койду. Алар канчалык аракет кылышса дагы майнап чыгара алышкан жок. Ал эми чехтер болсо бир ыңгайлуу учурду колдон чыгарбай, гол киргизип кетишти.

Ошондой эле экинчи оюн да 7-июнда Швейцариянын Женева шаарындагы "Стад-де-Женев" стадионунда Португалия менен Түркиянын тандалма командаларынын ортосунда болду. Негизги атаандаштардын бири түрктөрдү 2:0 эсебинде утуп алышкан португалиялыктар өздөрүнө бекем ишенип, “чейрек финалга чыгабыз” деп ишенимдүү айтып жатышканын дүйнөлүк маалымат каражаттары кабарлады.

Бул оюнда эсепти ачып, Португалияны алга сүрөгөн Мардирддин “Реал” командасынын коргоочусу Пепе болду. Ошондой эле оюн аяктап бараткандагы кошумча үч мүнөттө португалиялыктар Түркиянын коргоочуларынын каталыктарынан пайдаланып, алардын дарбазасына дагы бир топту таамай тээп киргизип, эсепти 2:0 жеткирди.

Ошентсе дагы Европа футбол чемпионатынын алгачкы таймашуусунда түркиялык футболчулардын деңгээли дурус экенин, бул өлкөдө футболго кары-жашы баары кызыгаарын, футбол - мамлекеттик саясатка айланганын бишкектик күйөрман, сүрөтчү Алмаз Кудайбергенов айтып, кийиники оюндарда түрктөр утушка ээ болсо деген тилегин билдирди.

- Түркия өлкөсүндө да футбол өтө тездик менен өнүгүп баратат. Футбол чоң саясатка айланып, бүткүл түрк дүйнөсүн арбап алган. Чынында түркиялыктар таза, мыкты футбол көрсөтүп, менин купулума толду. Алардын оюнун рахатка батып, ыраазы болуу менен көрдүм. Түркияга күйөрман болуп, ийгилик каалап тургам, бирок алар ишенимди актаган жок, эми чехтер менен швейцариялыктарды кийинки оюндарда утуп алып, өз тобунан чыкса деп тилеп турам. Балким кийинки оюндарда жакшы ойноп, утуп алышаар, үмүттү өчүрбөй туралы .

Талаа ээлери Австрия менен Швейцария чемпионаттын уюштуруучулары катары эреже боюнча тандоосуз түз катышууда. Калган 14 команда иргеп алуу мелдештеринде Европадагы 50 өлкөдөн тандалып алынган.

Быйылкы Европа чемпионаттын жеңүүчүсү кайсыл команда болушу мүмкүн экенин Бишкек шаардык футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Эмил Бусурманкуловдун айткан божомолу:

- Мурда бир мыкты футболчу оюндун тагдырын жалгыз чечип коюшчу. Учурда командалык оюн гана ийгиликке жол ачып калды. Бул ирет финалга Италия жана Германия чыгып, экөөнүн бирөө утат деп ойлойм.

Европа футбол чемпионатынын мелдештеринде ар дайыма күтүүсүз жаңылыктар болушу да ыктымал. Кыргызстандын футзал ассоциациясынын вице-президенти Адылхан Бекболотовдун айтымында, бүгүн 8- июнда кечинде германиялыктар менен польшалыктардын ортосунда курч, кызыктуу таймашуу болот. “Ошондой эле талаа ээлери австриялыктар дагы жеңишке жетүүгө аракет кылышат, бирок хорваттардын даярдыгы, чеберчилиги жогору” деп кошумчалады Адылхан Бекболотов.

- Германиянын командасы Европа чемпионатынын эң күчтүү командаларынын бири болуп эсептелинет. Польшанын командасы да мына акыркы иргеп алуу таймаштарында ойногонуна караганда, алар өздөрүнүн тобунда биринчилерден болуп чыгышкан. Чемпионаттын уюштуруучуларынын бири катары бүгүн Австрия балким өзүнүн талаасында жакшы ойношот. Бирок Хорватиянын командасы менин оюмча күчтүүрөк болушу керек. Алардын чеберчилиги жогору, мыкты оюнчулары арбын.

Учурда бул же тигил команда чемпион болот, жеңишке жетишет деп айтуу азырынча эртелик кылат. Себеби алдыда дагы таймашуулар, күч сынашуулар турат.

Финалдык баш байге үчүн таймашуу 29-июнда Австриянын Вена шаарындагы “Эрнст Хаппел” атындагы стадионунда өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG