Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

ИРАК ИРАНДЫН КООПСУЗДУГУНА ШЕК КЕЛТИРГИСИ КЕЛБЕЙТ


Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики Тегеранда жүрөт. Бүгүн ал Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад менен жолугушууда. Ирактын премьери Ирандын президенти менен АКШ жана Ирак --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/A2112C1F-6001-4D24-A626-5AF270A72C76.asp биргелешип түзгөн коопсуздук келишимин талкуулоодо. Иран бул келишимге каршы чыккан.

Иранга кечээ келгенде ал-Малики "Ирак Ирандын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү жай болуп калышына жол бербейт" деп ишендирди.

Ирандын мамлекеттик ИРИБ сыналгы-үналгысынын интернет сайтынын жазышынча, ал-Малики Ирандын чалгындоо кызматынын министри Голам Хосейн Мохсеини Ежечи менен жолугушту.

Учурда Багдад менен Вашингтон өлкөдө турган америкалык аскерлердин келечегин аныктап жатышат. Иран бул сүйлөшүүнүн жыйынтыгында "босогомдо туруктуу америкалык согуш базалары пайда болот" деп чочулайт.

Ошол эле убакта учурда Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу эл аралык деңгээлдеги тиреш кайра күч алды. Кошмо Штаттары Иран өзөктүк курал жасап жатат деп чочулаары маалым.

Тегеранда тараптар ошондой эле "Ирандын чалгын кызматтары Ирактагы кырдаалга кийлигишип жатат" деген кинени сөз кылышмак. Мындай шектенүүлөрдү ырастап, бүгүн Ирактагы америкалык аскерлер Багдадда шийи согушкерлерин Иранда машыктырып, кайра Иракка жиберүү менен алектенген "жанкечтилердин жол башчысы" туткундалгандыгын маалымдашты.

Бул ал-Маликинин Иранга быйыл экинчи жолу келиши. Ал-Малики - ирактык шийилерден чыккан саясатчы. Ирандын президенти Иракта мындан үч ай мурда болгон эле.

Сүрөттө Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики.

XS
SM
MD
LG