Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:32

17:32 Ысыккөл: “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору 1 жумалык семинар баштады


“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун Ысыккөлдөгү бөлүмү аймактагы активдерин күчөтүү боюнча 9-июнда республикалык семинарын баштады. Борбордон алыс аймактарда адам укугунун абалы начарлап кеткенин белгилеген укук коргоочулар Ысыкккөлгө чогулуп 1 жумалык семинар өткөрөт. “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун Ысыккөлдөгү жетекчиси Жылдыз Осмонканованын айтуусунда, өлкөнүн түштүк аймагындагы укук коргоочулар Түп, Жетиөгүз жана Тоң райондорун кыдырып, Каркыра, 4 пансионат, Барскоон кырсыгы жана жер сатуу маселелериндеги адам укугунун басмырланган көрүнүштөрүн талкуулайт. Семинар жыйынтыгында адам укугунун өкүлдөрү аныкталып, анын иштөө жолун Нарын жана Чүй өрөөнүнө жайылтуу үчүн укук коргоочулар андан аркы сапарын аталган облустарга улайт. (RB)

XS
SM
MD
LG