Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

Чыңгыз Айтматовдун о дүйнө салышы ушу тапта жаамы журтту мөгдөтүп турат. Улуу сүрөткердин артында калтырган ополтоо адабий мурасы, көркөм сөздүн бийиктиги менен тереңдигин кашкайта ачып көрсөткөн чеберчилиги анын атын унутта калтырбасы бышык. Кара сөз устаты менен көзү тирүү кезинде кездешип, баарлашып, анын пенделик турум-турпаты кандайлыгын аңдап калган айрым замандаштарын кепке тартып, Чыңгыз Айтматов кандай адам экендигин дагы бир ирет эске салгыбыз келди.

Чыңгыз Айтматовдун өз эли үчүн жасаган ополтоо эмгегине теңдешер салыштыруу табуу кыйын болуп туру. Даанышман сүрөткер “Манас” эпосун өзгөчө барктап, анын варианттарынын жарык көрүшүнө үлкөн салым кошкон. Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев “Манасты” орусчага таржымалап отурган чакта Ч.Айтматов дүйнөдөн көчкөн кабарды укканын айтты.

- Манас чоң казатта жарадар болот эмеспи. Ошол жерге келип жазып отурам да. Ушул эпизодду орусчасында кантип беришимди ойлонуп отургам. Манас эртең менен туруп намазга жыгылганы жатканда артынан ууланган найза менен Коңурбай келип саят ко. Колум барбайт да Манасты сайганга. Ошону таштап коюп эртең менен улантайын деп койгом. Сөзмө-сөз котормосу жасалган. Анан эс алайын деп берки бөлмөгө чыгып кое койсом эле Чыкем өтүп кеткенин айтып атпайбы, карачы.

Өз элин дүйнөгө тааныткан улуу адамдын кайтышы “бир чоң аска кулагандай эле болду” дейт белгилүү коомдук-саясий ишмер Ишенбай Абдуразаков.

- Эмне кылабыз эми. Ушуну жараткан эл дагы бир ушундай инсандарды жаратар. Жаштардан чыгар деп каниет кылып, анан үмүт менен жашай бергенден башка бизде эч айла жок.

Кара сөз чеберинин замандаш, курдаш-курбалдаштары, кесиптештери менен кандай мамиле-катышта болгонун сурап филология илим доктору, белгилүү адабиятчы Осмон Ибраимовго кайрылганыбызда ал момундай бир окуяны эскере кетти. 90-жылдары О.Ибраимов Жазуучулар союзунун катчысы кезинде Ч.Айтматов аны Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетиндеги жооптуу ишке сунуш кылган экен.

- Чыңгыз Төрөкуловичке келип айтып атпайымбы: “Партияда жок экемин, кызматка алышкан жок”, деп. “Э, кокуй, сен партия эмес белең?” дейт. “Партияда жок туруп Борбордук комитетке иштейм дегеним кызык болду”, десем Чыкем кыйлага чейин карсылдап күлүп калды. Эмки маселе Чыкебизди акыркы сапарга элге-журтка, дүйнөгө уят болбогудай узатып алышыбыз керек.

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин айтымында, Ч.Айтматов кесиптештеринин көңүлүн калтырбай, өтүнүчүнө жок дебеген кичипейил жан эле.

- Өзү куудулданчу эмес. Анан биз куудулдансак боору эзилгенче күлүп калчу. Орус агайындар айтмакчы “чувство юморa” – тамашакөйлүгү укмуш болчу. Биз күлдүрсөк санын чаап эле күлүп калчу. “Ой, ошондойбу” деп калчу.

“Тамаша сөздү жакшы көрчү, оо-оо, деп күлүп калчу”, деп эскерет Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев.

- Эч нерсе аяган жок. Өзүндө эмне болсо ошонун баарын элге беришке, жолдош-жоролоруна бүт бойдон беришке аракет кылчу. Өзүнө сактап алып калууну түк ойлочу эмес.

Мындан эки жыл илгери эгемендик тууралуу чет элдик кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып Ч.Айтматов Кыргызстан мамлекетинин келечегине ишенерин, өлкөсү башкалар менен теңата жашап кетерине ишеничи чоң экенин билдирген.

- “Болот кыргыз мамлекети, мен буга ишенем”, деп үч жолу кайталагандыгы, мен ойлойм, биз үчүн чоң төлгө, чоң мурас,- дейт О.Ибраимов.

Айкөл Манас бу жалгандан өткөндө карагай-кайың тал ыйлап, калың журттун баары ыйлап, эл менен табият бирдей кайгыга батканы айтылат. Улуттун туу туткан азаматынын жарыкчылык сапары аягына чыкканын уккан элдин баарынын ушу тапта кабыргасы кайышып туру. Улуунун улуугун, залкардын залкардыгын өзүнө теңдеш гана жан билет. Ойлонткон нерсе ушул.
XS
SM
MD
LG