Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:03

Аида Касымалиева, Прага Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу анын замандаштары, калемдештери, дүйнөнүн ар кыл жеринде, ар башка өлкөсүндө жашаган акын-жазуучулар ойлорун ортого салып, аны жоктошууда. Алар ар башка өлкөлөрдө жашашат, бирок аларды искусство, адабият бириктирип турат.

Орус-Абхаз жазуучусу Фазил Искандер:
«Ал эң сүйүктүү жазуучулардын бири эле. Айтматов Борбор Азиядагы жашоону мыкты билип, аны орус тили менен эркин жана ишенимдүү түрдө айкалыштырып кете алган».

Евгений Евтушенко, орус акыны:
«Айтматовдун жашоосу татаал болгон. Анын эң мыкты китебинин аталышы Пастернактын чыгармаларынан алынган, кеп «Кылым карытар бир күн» жөнүндө болуп жатат. Бул жерден жазуучунун орус адабиятын канчалык деңгээлде сүйгөнүн көрсөк болот. Орус адабияты анын ички дүйнөсүндө жашаган».

Виктор Ерофеев, орус жазуучусу:
«Мыкты жазуучу болуш үчүн адабияттын тамырын жакшы түшүнүү зарыл. Адабияттын түпкү маңызы – адам болууга үйрөтүү. Айтматовдо ушу нерсе бар эле. Ал өзүнүн бардык чыгармаларында адамдын чыныгы бейнесин бере алган».

Өзбекстандын белгилүү акыны Гүлчехра Нуруллаева:
«Чыңгыз Айтматовдой улуу жазуучунун дүйнө салганы тууралуу суук кабарды угуу өтө эле оор. Өтө оор. Биз, түрк элдери, үлкөн бир адамдан ажырадык. Менин эсимде. Өзбек элинин башына кара түн түшүп, «өзбек иши» деген аткан конгон трагедия башталып, көп кишилер камакка алынганда жалгыз Чыңгыз Айтматов жаңылышпасам «Правда» гезитине чоң макала жарыялаган. Өзбек элине эч ким көрсөтпөгөн колдоосун көрсөткөн, тилектештигин билдирген. Жөн гана улуу жазуучу эмес, улуу гуманист бул жашоодон кетти».

Гүлчехра Нуруллаева Чыңгыз Айтматовго арнап ыр жазгандыгын, бирок анын тирүү кезинде өзүнө даап окуп бербегендигине өкүнүп турду.

Рахим Эсенов, түркмөн жазуучусу:
«Бул кабарга эч ким ишенбесе керек, эч ким ынанбайт го. Акылым кабыл албай жатат. Турмуш өзү ойноп жаткандай. Совет доорунда алмашпас адамдар жок деген сөз бар эле. Мүмкүн. Бирок Чыңгыз Айтматовдун чыныгы талантын, гениалдуулугун эч ким кайталай албайт го. Чыңгыз досум бир гана кыргыз, казак,түркмөн же тажик адабиятына белгилүү эмес. Ал өзүнүн кайталангыс изин дүйнөлүк адабиятта жана маданиятта да калтырды. Эгерде монголдордун Чыңгызханы дүйнөнүн жарымын курал менен багындырса, анын ысымдашы Чынгыз Айтматов өзүнүн каармандары менен бүткүл дүйнөдөгү адамдардын жүрөгүн багынта алды».

Атагелди Гараев, түркмөн жазуучусу:
«Айтматов дүйнөдөн кайтты деген кабар мага өтө оор тийди. Мага эле эмес анын окурмандары да жаман ахбалда турушат. Айтматов биздин маягыбыз эле, биз умтулган, жеткибиз келген инсан болчу. Айтматов батыш менен чыгыштын адабиятын бири-бирине ийиштирип, андан бир маданий мурас жаратканга үлгүрдү».

Герольд Бельгер казаксатндык жазуучу :
«Чынын айтсам бул суук кабарды угуп дароо оюмду жыйнай албай турам. Ошондуктан алдын ала угармандардан кечирим сурайм. Чынгыз Айтматовдун улуу жазуучу экени бүтүндөй журтка белгилүү. Бирок бул заманда улуу деген сөздүн касиети кетип калбадыбы. Бирок бул улуу киши чынында эле ушул сөзгө татыйт. Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын 50 жылдан бери билем десем, алдабастырмын. Мен жазуучу досторум менен Айтматовдун ар бир макаласын, ар бир аңгемесин, ар бир повестин, ар бир романын окуп чыгып, узак-узак аңгемелешчүбүз. Айтматовдун сыркап калганы тууралуу гезиттен окудум. Бирок Германиянын дарыгерлери аман алып калат го деген ойдо эле жүргөм. 80-жылдык мааркесин жакшы майрамдайм деп жүргөнүнөн да кабардар болчумун. Бирок, аттиң, болбой калды. Айтматовдун чыгармалары менен 50 жылдан бери тааныш болсом дагы, өзү менен тикелей сонку 15 жыл ичинде гана тааныштым. Арийне, Чыңгыз агабыздын достору көп эле. Мен анын досу болдум деп айта албайм.
Маяковский кайтыш болгондо, орустун белгилүү бир сынчысы «Маяковский эми гана башталат» деп айткан экен. Менин түшүнүгүмдө да кыргыздын Айтматовду, адамзаттын Айтматову «эми гана башталат» деген ойго келип турам».

Нурлан Ками, казак жазуучусу, котормочу:
«Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун. Ал кишинин бир сыры бар болчу. Кайда жүрбөсүн Манас менен Мухтар Ауэзовду оозунан түшүрчү эмес. Айтматовдун эң биринчи чыккан «Жамиля» повестине Мухтар Ауэзов бата берген жана чоң адабиятка алып келген деген сөздөр бар. Айтматовдун бир касиети – ал ааламдык деңгээлдеги маселелерди алып чыкчу. Ошол эле «манкурттук» түшүнүгүн алалы. Анан дагы адабиятта символду Чыңгыз Айтматовдой терең колдоно билгендер чанда гана кездешет».

Шадиман Шаманадзе, грузин драматургу:
“Чынгыз Айтматов кичине элден суурулуп чыгып, кыргызды дүйнөгө таанытты. Грузиндер үчүн ушул жагдай манилүү, ушул нерсе биздин элдерди тууган кылат. Чынгыз Айтматовго чейинки адабияттагы боштукту ал жалгыз өзү менен толтурду. Жалгыз өзү менен”

Учурда Чыңгыз Айтматовдун жакындарына көңүл айтуулар дүйнөнүн ар бурчунан келип жатат. Алардын арасында Орусиянын президенти Дмитрий Медведев жана премьер-министр Владимир Путин да бар.
XS
SM
MD
LG