Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Айтматов Германияны өзүнүн экинчи адабий мекени деп санаган, себеби бул өлкөдө анын дээрлик бардык чыгармалары немис тилине которулуп, айрымдары окуу программасына кирген. Мына ошол китептерди жаштайынан окуп, кийин жазуучунун өзү менен да таанышкан немис режисеру Маркус Хелчлге сөз берсек. Аны менен кабарчыбыз Жаңыл Жусубжан маектешти.

Маркус Хелчл Кыргызстанды сыртынан гана билбестен, өлкөнү түрө кыдырып, салтына жана элине терең кызыгуу жана кадырлоо менен мамиле кылган саналуу батыш интеллектуалдардын бири деп айтсак болот. Анын биздин өлкөгө болгон ынтызарлыгын арттырган кезегинде Чынгыз Айтматовдун чыгармалары болгон. Кийин мюнхендик режисер жазуунун өзү жана анын үй-бүлөсү менен таанышууга мүмкүндүк алган. Хелчл Чынгыз Айтматовдун кыргыз элин дүйнөгө таанытуудагы ролуна айрыкча баа берет:

- Европада Кыргызстандын Казакстандан, башка мурдагы советтик жумурияттардан айырмасын билишпейт. Бирок Чынгыз Айтматовдун китебин окуганда ал кайсы өлкөдөн экенин билебиз. Анын китебин окуганда, Кыргызстанда жашоо Батыштагыдан бөлөк экенине күбө болобуз, бирок адамдар бардык жерде бирдей, кыргыздар да биз сыяктуу эле кыйынчылыктарга туш келишет, сүйүшөт, күйүшөт, айрымдарына ишенсе болот, башкалары калп айтышат, ойношот, күлүшөт, оо дүйнө салышат. Айтор, алар да биз сыяктуу эле экенин түшүнөбүз.

Маектешибиз Чынгыз айтматовдун акыркы чыгармасы болуп калган "Тоолор кулаганда" деген китебин кайсы бир деңгээлде автобиографиялык чыгарма деп эсептейт:

- Менимче Чынгыз Айтматов турмуштан көңүлү калды. Кыргызстандын көз карандысыздыктан кийинки өнүгүүсү аны катуу өкүткө салды. Горбачевдун Кайра куруусу мезгилинде баары көз карандысыздыкты даңазалашкан. "Мына биз эркинбиз, баары жакшы жагына өнүгөт, адам укуктарына ишенебиз" деп ойлошкон. Айтматов да "Кыргызстанда жаңы жашоо башталат" деп ишенген. Бирок менимче, ал Батышта эл мындан көп жыл мурда кетирген каталарды кыргыздардын кайталап жатканына өтө өкүнгөн. Алардын жапайы капиталимзди туу тутуп, тарыхын, маданиятын унутуп калганына кабыргасы кайышкан. Анын акыркы чыккан китеби мына ушундай өкүнүчкө каныккан. Китепти окуганда баштан-аяк анын Горбачевдун мезгилиндеги үмүттөрү акталбаганын, адамдар жакырланып, акчанын артынан түшүп калтанына күйүтүн сезебиз.

Айтмотовдун чыгармаларынын көбүн немис тилине Фридрих Хитсе которгон. Жазуучунун акыркы "Тоолор кулаганда" аттуу китебин да Хитсе которгон экен. Маркус Хелчтин сөзү боюнча, котормочу чыгармадагы өкүнүч менен кайгынын тереңдигине өтө таасирленген болуш керек, себеби Хитсе китептин акыркы сүйлөмүн которуп бүтүп, чекит койгондон кийин, отурган жеринен көзү өтүп кеткен экен. Бирок немис режисеру Айтматов алыста жүрүп, өз мекениндеги кырдаалга өтө эле терс көз караш менен караган болуш керек деген күмөн оюн ортого салды:

- Мен өзүм Кыргызстанда болгондо, баары эле жаман эмес экендигин көрдүм. Туура, тоголок тыйындын артынан тоголонгондор бар, бирок дайым эле баардык эле кыргыздар ошентип калган жок да. Бирок реалдуулук деген турмушта жок нерсе, ал биздин акыл-оюбузда гана жашайт. Бул - Айтматов көргөн чындык болчу, мен конок катары, башканы көрдүм. Балким ал сырттан туруп, турмуштун эң өкүттүү жактарын көбүрөөк көргөн, кантсе да жашы бир топко келди. Анын үстүнө, өкмөттүн ишине ичи чыккан жок, коррупция жана башка нерселерди көргөндө, көңүл калды болгон болуш керек.

Кыргызстанда аялдар тууралуу филм тартууга нийеттенген мюнхендик режисердун пикиринде, Айтматов өз мекениндеги абалга кайгырып гана тим болбостон, бир нерсени өзгөртсөм деп да умтулган, бирок өлкө бийликтери аны оолак кармоого умтулушкан:

- Менимче, ал "менден кеңеш сурашса, өкмөт менен ачык-айрым сүйлөшсөм, талкууларга чакырышса" деп ойлогон, бирок бийликтер анын эл менен жакындашуусун каалаган эмес. Аны алыстагы атактуу аксакал жазуучу катары пайдаланып, Европага арачы болушу менен чектеп келген. Ошол эле мезгилде Айтматов саясатчы эмес, жазуучу болчу. Жаштайынан канча азапты көрдү, атасы сталиндик репрессияда өлгөн. Бирок ал саясатчы эмес, адеп-ахлакты ойлогон адам болгон. Айтматовдун мурдагы чыармаларынан анын канчалык адеп-ахлакты бийик туткандыгын көрө алабыз, бул өтө жашырылган, бирок сезип турасың. Анан биз чогуу Кыргызстанды кыдырганда, ал элин, жерин канчалык жакшы билээри, канчалык сүйөөрү көрүнүп турчу. Мурдагы китептеринен да анын өз элине терең сый-урматы сезилчү, ошондуктан, ал чыгармаларды окуган адам да Кыргызстанды сүйүп калчу.
XS
SM
MD
LG