Кайрылуу бүгүн кечинде жасалышы күтүлуп жатканын “Азаттыкка” президенттик админстрациянын башчысы Медет Садыркулов билдирди. Улуу жазуучу менен коштошуу 14-июнда улуттук филармонияда өтүп, маркумдун сөөгү ушул эле күнү “Атабейит” мемориалдык-музей комплексине коюлат. Чынгыз Айтматов быйыл жыл этегинде 80 жашка толмок. Буга байланыштуу Кыргызстанда быйылкы жыл Айтматов жылы деп жарыяланган.(SM)
8:17 Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салышына байланыштуу президент бүгүн өлкө калкына кайрылуу жасайт