Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:02

13:10 Бүгүн жаш балдарды эксплуатациялоого каршы күрөшүүнүн эларалык күнү


Быйыл бул күн дүйнө боюнча “Балдардын татыктуу билим алууга укугун коргоо” деген ураан менен өтмөкчү. Адистер балдардын билимге ээ болушун аларды оор жумушка тартууга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу жолу деп аташууда. Эларалык Эмгек Офисинен билдиришкендей, бүгүнкү күнү дүйнө боюнча 5 жаштан 14 жашка чейинки 165 миллиондой жаш бала ар түрдүү оор жумуштарда иштегенге мажбур. Кыргызстанда да ар кайсыл региондордо балдарды оор жумушка тартпоого үндөгөн иш-чаралар өтүп жатат. Өлкөнүн Эмгек жана социалдык өнүгүү боюнча министри Өктөмхан Абдуллаева бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдиргендей, өлкөдө бүгүн 70 миңдей жаш бала оор жумуштарга тартылган. (TD)

XS
SM
MD
LG