Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:38

БУШ РИМГЕ КЕЛДИ


Аида Касымалиева, Прага АКШнын президенти Жорж Буш өзүнүн Европадагы сапарын улантып, бүгүн Римге келди. Италиянын өкмөт башчысы Сильвио Берлускони менен болгон сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде Иран жана Ооганстан болмокчу. Белгилей кетчү нерсе, Буш менен Берлускони жылуу мамилелерде болгону менен саясатка келгенде эки лидер өз өлкөсүнүн кызыкчылыктарын эске алууну эч качан унутпайт. Ал эми эки өлкөнүн кызыкчылыктары кээде дал келбей калган учурлар да болот дешет серепчилер.

Президент Буш эски досу Сильвио Берлусконинин аны жигердүү тосуп алышына камсанабай эле койсо болот. Бирок эки лидер бири-бирине канчалык жылмайып, бекем-бекем кол алышпасын проблемаларды чече келгенде эки тараптын кызыкчылыктары чоң келишпестиктреге такалып жүрөт.

Римде жайгашкан Эларалык мамилелер институтунун коопсуздук жана коргонуу боюнча аналитиги Жованни Гаспарини кырдаалды мындайча чечмелейт:

- Ар бир өлкөнүн өзүнө гана мннөздүү саясатын алып көрөлүчү. Проблема мына ушул жерде. Бул Италия менен АКШнын Орусияга карата жүргүзгөн саясаты болобу же Италиянын коммерциялык саясатыбы, кыскасы, Италия АКШдан өтө эле айырмаланып турат. Мына ошондуктан анын максаттары да, коргой турган кызыкчылыктары да ар башка.

- Путин менен Берлусконинин “тангосу” Бушка жакпайт.

Берлускони Путин менен жакын алакада экендигин эч качан жашырган эмес. Италиянын премьер-министри Орусия менен газ жана мунай боюнча тыгыз соода байланыштарын түптөөгө өтө ынтызаар болгонун дайыма билдирчү.

Путин менен Берлусконинин бул “жалындуу” тангосу расмий Вашингтондун ушуга чейин кыжырын кайнаткан эмес, анткени АКШ Италияны ишенимдүү союздашы катары кабыл алчу.

Бирок Москва менен Вашингтондун ортосун акыркы убакта кара мышык аралагандан бери Берлусконинин бул аракеттери Буштуку менен анчейин коошпой тургандай.

- Берлускони Путинди колдоо менен өзүнүн кызыкчылыктарын көздөчү. Бул ага ыңгайлуу болгон. Албетте Буштун администрациясынын биринчи мөөнөтүндө Италиянын премьер-министринин бул кадамдары өзүн-өзү актачу. Бирок андан бери Орусия менен АКШнын мамилелери түзүк эле сууган. Ошондуктан Берлусконинин саясий оюну аягына чыкпай токтоду.

- Бирок АКШ менен Италия Иран боюнча бир бүтүмгө келчүдөй.

Италия Бириккен Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинин катарындагы 5 мамлекетке кошулууга далалалт кылып турган чак. Бул беш мамлекет Тегеранды уранды байытууну токтотууга үндөп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бирок саясий аналитик Жованни Гаспаринин пикиринде бул топко киргенге аракеттенип жаткан Италия Тегеранга басым жасоону максат кылбай эле, өзүнүн коммерциялык кызыкчылыктарын көздөп жаткан чыгаар. Ушул тапта, Италия Ирандын Европадагы эң ири соодалык өнөктөшү.

- Ооганстан – дагы бир маанилүү жагдай.

Италия Ооганстанга көп жардам бербей коюшу мүмкүн. Ал эми Вашингтон Италияны жана башка НАТОго мүчө Европа өлкөлөрүн Ооганстанга көбүрөөк жоокер жөнөтүүгө же алардын Ооганстандагы күчтөрүн өлкөнүн түштүгүнө көчүрүүгө мажбурлайт көрүнөт. Акыркы кездери Оогнастандын түштүгүндө талиптер менен болгон кагылышуулар күч алганы белгилүү.

Кыскасы, Берлускони жана Буштун жолугушуусу адаттагыдай эле күлкүгө жана тамашаларга бай болоорун күтсө болот. Бирок Италиянын лидерлери жылмайуу менен бирге эле өзүнүн кызыкчылыктарына бекем турушат, дешет саясий байкоочулар.

XS
SM
MD
LG