Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:38

БОРБОР АЗИЯ: БАЛДАРДЫ КАРА ЖУМУШКА ТАРТУУ ДАЛЕ АЗАЯ ЭЛЕК


Аида Касымалиева, Прага Кечээ дүйнө жаш балдарды эксплуатациялоого каршы күрөшүүнүн эларалык күнүн белгиледи. Ошону менен бирге Борбор Азия өлөкөлөрү жүз миңдеген жашы жете элек балдарды кара жумушка тартууну улантууда. Кээ бир жеткинчектердин күчү үйбүлөсүн багууга жумшалса, айрым бир өлкөлөрдө жаш балдардын эмгегин пайдалануу мамлекеттин саясатына айланган.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн кайсы базарына барба, бардык жерден иштеп жүргөн балдарды көрөсүң. Алардын кээ бирлери 7 жашта.

Балдар тамактан баштап кийим-кечек, косметикага чейин сатышат. Бели ката элек эркек балдар жамгыр жаайбы, күн ысыйбы ачык асман алдында керээли кечке араба түртүшсө, жашы жете элек кыздар көбүчө үй жумушун аркалашат.

Тажикстан – жакырчылык негизги себеп .

Балдар тапкан акча алардын үйбүлөлөрү үчүн адатта кирешенин бирден-бир булагына айланат. Көбүнчө балдар мектепти жакырчылыктын айынан ташташат. Алдардын бири 13 жаштагы Сафар. Биз аны Тажикстандын баш калаасынан - Дүйшөмбүдөн жолуктурдук.

- Мен иштегениме жана акча тапканыма сыймыктанам. Мен үйбүлөмө нан алып келем. Классташтарымдын катарында мектепте окугум келет. Бирок жашоо татаал жана мен иштегенге мажбурмун.

Борбор Азиянын бийликтери жашы жете элек балдарды эксплуатациялоо чынында эле бар экендигин көп жылдар бою моюнга алышкан эмес. Атка минерлер балдар ата-энелерине окуудан кийин өз ыктыяры менен жардам беришүүдө жана элеттеги үйбүлөлөр балдарын талаага өздөрү жөнөтүшөт деп ынандырганга аракеттенишкен.

Тажик президенти Эмомали Рахмондун астындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун балдар эмгеги боюнча эксперти Фируз Саидов Тажикстанда балдарды эксплуатациялоону токтотууга мүмкүнчүлүк жоктугун айтты . Фируз Саидов буну көптөгөн тажиктердин кедейчиликте жашашы жана балдар тапкан акча алар үчүн өтө маанилүү экендиги менен байланыштырат.

Укук коргоочулардын айтымында, көп учурда балдардын укугун мамлекет өзү биринчилерден болуп бузат. Айрыкча, Өзбекстанда өспүрүмдөр пахта тергенге мажбур. Мындай адат Советтер Союзунан “мураска” калып, 1991-жылдан кийин да уланган. Ошол эле учурда бул мамлекеттер балдардын эмгегине тыюу салган эларалык келишимдерге кол коюшкан.

Укук коргоочулардын баамында пахта мамлекеттин казнасына көп акча алып келет, ошону менен бирге эле кээ бир өлкөлөрдөгү аткаминерлердин да чөнтөгү кампая түшөт.

“Save the Children” балдарды коргоо жаатында иш жүргүзгөн эларалык уюмдун Дүшөмбүдөгү борборунун кызматкери Жовид Жураев Тажик өкмөтүн сындап, саясий эрк жетишпей жаткандыгын белгиледи.

-Балдардын кара күчүн колдонуу тажиктердин улуттук катастрофасына айланды. Жылына 200 миндей бала оор жана зыян жумушка тартылат. Пахта терүү башталганда бул сан андан бетер өсөт. Таң калычтуусу, тажик президентинин жана өкмөтүнүн жарлыктарына карабастан, балдар дале экономикалык эксплутациянын бутасында жана эч ким буну менен даап күрөшө албайт.

Өзбекстан: балдарды иштетүү – мамлекеттин саясаты.

Ал эми коңшу Өзбекстан - дүйнөдөгү эң көп пахта сатчу өлкөлөрдүү үчүнчүсү. Балдарды пахта талааларында иштетүү кадмики эле мамлекттин саясатына айланган.

Түшүм жыйноо мезгили келген сентябр айынан тартып мектептер жабылат жана миңдеген окууучулар талаага автобус менен ташылып, кээде аларды полиция кызматкерлери коштойт. Кичинекей балдардын колу менен терилген “ак алтынды” саткан Өзбекстан жылына 1 миллиард доллар пайда көрөт.

Өзбек өкмөтү пахта өндүрүшүндө балдардын күчүн колдонгондугу үчүн эларалык коомчулуктан көп сын-пикир уккан. Бир аз мурдараак кичине болсо да жылыш байкалды окшойт. Ноябрь айында Tesco, Marks & Spencer, Gap, H&M өңдүү дүйнөлүк кийим өндүрчү маркалар жана Түштүк Азиядагы кийим тикчү фабрикалар өзбек пахтасын сатыл алуудан баш тартышкан.

Январь айында өзбек депутаттары балдардын укугун аткаруу боюнча мыйзам кабыл алышты. Мурдараак парламент Эларалык Эмгек уюмунун балдарды эксплутациялоонун эң жаман түрлөрү жана минималдык жаш боюнча конвенциясын ратификациялаган.

Өзбектсандын укук коргоочулары эми келе жаткан сентябрь айын күтүшүүдө: өзбек өкмөтү чындап эле балдар эмгегин колдонууну токтотобу жокпу, ошондо билинет.

Түркмөнстан: жаңы президент эчтеке өзгөрткөн жок.


Түркмөнстанда да пахта талааларындагы жумушка балдар жаштайынан кеңири тартылышат.

Мурдагы президент Сапармурат Ниязов балдарды жумушка мажбурлоону токтотууну талап кылып, билдирүүлөрдү жасачу, бирок чынында абал өзгөрчү эмес.

Ниязовдун мураскору, азыркы президент Гурбангулы Бердимухаммедов балдар укугу боюнча Ниязовдукундай билдирүүнү былтыры жасаган. Бирок укук коргоочулардын айтымында абал дале өзгөрө элек. АКШнын мамлекеттик департаментинин 2000-жылкы маалыматы боюнча, Түркмөснтанда 1 миллион бала кара жумушка тартылат. Жаңыраак маалыматтарды алуу кыйын.


Казак өкмөтү проблеманы мойнуна албайт.

Казакстанда балдар пахтада жана тамекиде иштешет, шаарда болсо кара жумушту аркалашат. Акыркы жылдары Өзбекстандан жана Кыргызстандан келген үйбүлөлөр балдарын да ээрчитип алып жатышат.

Эларалык Эмгек уюмунун балдар эмгеги боюнча долбоорунун Казакстандагы координатору Даана Джандаева Казак өкмөтү Эмгек уюумунун эки конвенциясына кол койгондон бери абал жакшы жакка өзгөргөнүн байкаган.

-Башынан эле өкмөттүн туруму бир тараптуу эмес эле. Өкмөттүк дуңгээлде көпчүлүк мындай проблема жок деп чыгышкан. Анан балдарды эксплуатациялоо пахта талаарында гана бар деп чыгышты. Бирок азыр балдар эмгеги өңдүү феномен Казакстанда бар экендигине баары ынанып калышты. Албетте абал коңшу өлкөлөрдөгүдөй курч эмес, бирок баары бир бул көйгөйдү чечиш керек. Азыр өкмөттөгүлөр балдардын күчүн пайдалануу Өзбекстандан келген мигранттарга гана байланыштуу деп да жатышат. Бирок, жалпысынана алганда, казак өкмөтү чараларды көрбөй жатат деп айта албайм .

Кыргызстан мактоого татыды.

Дана Жандаеванын айтымында бир гана Кыргызстанда Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу абал түзүгүрөөк. Балдардын кулчулугуна каршы күрөшүү боюнча Кыргызстан алдыда. Казакстандык эсксперттин айтымында, кыргыз өкмөтү эларалык уюмдар менен сөз жүзүндө гана иштешпестен, балдар эмгегин токтотуу үчүн каражат да бөлөт.

XS
SM
MD
LG