Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Ч.АЙТМАТОВ МЕНЕН КОШТОШУУГА МИҢДЕГЕН АДАМДАР КЕЛИШТИ


Бүгүн Бишкектеги улуттук филармонияда атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен коштошуу зыйнаты уюштурулуп, ага жазуучунун миңдеген окурмандары, замандаштары, мекендештери жана чет өлкөлүк өкүлдөр катышты. Эртең мененки саат 07:00дө чогула баштаган эл, саат 09:00гө карай филармониянын чыгыш ыптасында тирелип, 35 градус кайнаган ысыкка карабай жазуучуну акыркы сапарга узатып, бир көрүп өтүү үчүн кезекке турушту. Филармониянын чыгыш ыптасындагы эшигинен кирип, батыш ыптасынан чыгып жаткан элдин аягы такыр суубай, миңдеген адамдар имараттын ичине кирип чыгууга үлгүрүшкөн жок. Саат 12:00дөн кийин филармониянын маңдайында жазуучуну жоктоо митинги уюштурулуп, Ч.Айтматовдун сөөгүн сыртка алып чыгышты. Имараттын ичине кирип чыгууга үлгүрбөй калган элдер филармониянын алдына чогулушту. Жоктоо митингинин башында президент Курманбек Бакиев баштаган бир катар адамдар, коомдук ишмерлер, чет элдик коноктор, акын-жазуучулар сөз сүйлөшүп, залкар жазуучунун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу анын үйбүлөсүнө, жакындарына, жалпы элине көңүл айтышты. Жоктоо митинги аяктагандан кийин жазуучунун сөөгүн Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн аскерлери көтөрүп, Алатоо аянтын көздөй жөнөштү. Алатоо аянтында чогулган эл жазуучуну бир мүнөттөй эскерүүгө турушуп, андан ары Ч.Айтматовдун сөөгүн Атабейит мемориалдык комплексине алып кетишти. (IJz)

XS
SM
MD
LG