Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

12:45 Стамбулда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган митинг-реквием болду


Аны Түркиянын маданият жана туризм министрлиги, шаар жетекчилиги Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу менен бирге уюштурушту. Аталган министрликтин чечими боюнча Бейазыт атындагы мамлекеттик китепканада 14-июндан 22-июнга чейин Чыңгыз Айтматовду эскерүү жумалыгы башталды. Ошол эле жерге көңүл айтуулар үчүн китепче ачылды. Ал эми Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугунда ачылган эскерүү китебине көңүл айтууларды калтыруу уланууда. Ошондой эле Башкы консулдуктун дарегине Түркиянын коомдук жана саясий ишмерлери, эл аралык уюмдар жана дипломаттык кызматкерлер, шаар тургундары жана студенттер улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтууларын жиберип жатышат, деп кабарлайт ТИМ маалымат кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG