Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

М.ШАРШЕНБАЕВ: ЭҢ БЕЛДҮҮ РЕЖИССЕРУБУЗДАН АЙРЫЛДЫК


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Биздин түз байланыштагы маектешибиз театр өнөрүнө, анын ичинде аз күн мурда дүйнөдөн мезгилсиз кайткан белгилүү театр ишмери Алмазбек Сарлыкбековдун жаркын элесине арналмакчы. Кечээ маркумдун сөөгү өзүнүн туулган жери Москва районунун Төлөк айылына коюлган. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Мелис Шаршенбаев жооп берди.

- Алмазбек Сарлыкбековдун чыгармачылыгына азыноолак токтоло кетсеңиз. Ал кишини Станиславскийдин шакирти Мария Кнемилден таалим алган бирден-бир талантуу режиссер деп айтылып жүрдү эле. Биздин театр тармагы өтө чоң жоготууга учурады болуш керек?

- Ооба, туура айтасыңар. Алмаз Сарлыкбеков кийинки муун болуп, Станиславскийдин окуучулары азайып бүтө жаздап калганда, барып Кнебелден билим алган. Мария Кнебель укмуштуудай педагог, “Педагогиканын поэзиясы” деген китеп жазып, бүт режиссерлер ошол китеп менен окуп чоңоет. Ошол кишинин өзүнүн колунан тарбия, билим алган биздин республикада эң белдүү режиссер десек эч качан жаңылбайбыз. Абдан чоң жоготуу болду.

- Сиз айтсаңыз, ушул кишинин режиссерлугуна таандык кандай спектаклдер көбүнчөсүн көрарамандардын элесинде калат деп айталабыз?

- Чала-була чампалап коюп анан таштап койгон спектаклдери жок. Ар бир спектакли өзүнчө окуя болуп келди. Мунун башка режиссерлордон өзгөчөлүгү патриоттук теманы жакшы көрчү. Анан ошол патриоттук темага аябай ыктагандыгы үчүн Попов атындагы сыйлыктын ээси болгон. Попов атындагы сыйлыктын ээси биздин Кыргызстанда башка жок. Эсиңердеби, совет маалында Советтик армиянын өзүнчө театры болгон, ошол театрды жетектеген Алексей Дмиртриевич Попов деген болгон, ошол кишинин көзү өтүп кеткенде патриоттук теманы чагылыштыргандыгы үчүн деген сейрек кездешчү сыйлык бар эле, ошол сыйлыкты алган. Мунун чыгармалары өтө көп, анын баарын санай албайбыз. Мунун өзгөчөлүгү бар, анын өзгөчөлүгү азыркы режиссерлер кайсы чыгарманы алса дагы эптеп өзүн көрсөткөнгө кыла турган болсо, Алмаз Сарлыкбеков чыгарманын өндүрүүнү издечү. Автор эмнени айткысы келип атат, ошол авторго жакындыкты издечү, автордун оюн бергенге кайсы жолдорду тапсам деп, ушуну менен алектенчү. Ушунусу менен айырмаланат.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG