Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:16

16:51 «Кайыңды- Кант» заводун мамлекет кайрадан беш же алты эсе көп баага сатып алашы мүмкүн


Бул туурасында Панфилов районунун акими Самарбек Күчүков бүгүн «Азаттыкка» билдирди. « Мамлекет убагында Кайыңды - Кант заводун бир жарым млн АКШ долларына Казак ишкерлерине саткан, 2005- жылы март окуясынан кийин завод Оруссиялык ишкерлердин колуна өткөн. Былтыр жергиликтүү бийликтин кыстоосу менен завод бир аз ишке кирип, быйыл толук токтоп турат. Ички жабдуусу четинен тонолууда», - деди район акими Самарбек Күчүков. Ал эми бүгүн Президент К. Бакиев аталган заводду мамлекетке кайтаруу зарылдыгын белгилеп, бул ишти вице- премерьер министр Искендербек Айдаралиевге тапшырды. Бүгүн өлкө башчысы Чүйдүн Жайыл, Москва, Сокулук райондорун кыдырды, эртең аймактын чыгыш тарабына барат. (JJ)

XS
SM
MD
LG