Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:45

АЛИШЕР САИПОВДУН ӨЛҮМҮ ТАБЫШМАК БОЙДОН КАЛАБЫ?


Маркум журналист Алишер Саиповдун атасы өлкө президентине кайрылуу жолдоду. Анда уулунун өлтүрүлгөнүнө 7 айдын жүзү болсо да бул кылмыш боюнча козголгон иштен --> http://www.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/06/ebe5d4f1-41be-4d30-9dc1-90649ba92ed1.asp натыйжа чыкпай жатышы ички иштер министрлигине болгон ишенимди жоготуп жатканы белгиленет. Ички иштер министрлиги болсо бул иш катуу көзөмөлдө туруп, тергөө уланып жатканын билдирүүдө.

“Сиёсат” гезитинин башкы редактору, белгилүү журналист Алишер Саипов былтыр 25-октябрда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн эле. Бул окуядан соң президент Курманбек Бакиев журналисттин өлүмүнө байланышкан ишти өз көзөмөлүнө алганы жарыяланган. Бирок андан бери 7 ай өтсө да иликтөө иштеринен натыйжа чыга элек. Ушундан улам маркумдун атасы Авас Саипов маалымат каражаттары аркылуу өлкө башчысына кайрылуу жолдоду. “Биздин үй-бүлө ошондо бул ишти президент өз көзөмөлүнө алганына абдан ыраазы болуп, анын аягына чыгаарына ишенгенбиз, бирок ошол ишенич күн өткөн сайын жоголуп баратат”,- дейт маркумдун атасы. Авас Саипов ошондой эле ички иштер министрлиги бул кылмышты ачаарына ишенбей калганын айтат:

- Күн санап ишеничибиз кетип баратат. Президентибиз да тиешелүү тараптар бул кылмыштын түбүнө жетип, конкреттүү жыйынтык чыгарат деп ишенсе керек. Мен азыр ИИМге ишенбей калдым, булар иштин аягына чыкпайт деген ойдо калдым, эгер каало болсо качан эле аягына чыкса болмок.

Ички иштер министрлиги болсо бул окуя боюнча иликтөөдө жылыштар бар экенин билдирип, бирок тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу деп, эч нерсе айтпай келет. Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов кылмыштын бетин ачуу үчүн тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканын айтат:

- Атайын оперативдик иш-чаралар жүрүп жатат. Маалыматтарды топтоо сыктуу тергөөнүн өзүнө тиешелүү маселелер бар. Анан мындай оор кылмышты шар эле ачып коюу кыйын. Бул иш көзөмөлдө, аны токтоп калды, эч кандай иш жүргөн жок деген туура эмес. Министр Молдомуса Конгантиев түштүк аймактары боюнча орун басары Жакыповго өзгөчө тапшырма берген жана быйылкы жылдагы үч айдын жыйынтыгы боюнча жыйында тиешелүү талап коюлган.

Бакыт Сейитов бул маселе эми министрликтин алты айдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында каралаарын кошумчалады.

Авас Саипов болсо уулу Алишерди өзбек жетекчилигинин буйругу менен Өзбекстандын атайын кызматтары өлтүрдү деп эсептейт. Мындай божомолду учурунда бир катар укук коргоочулар да айтышкан.
“Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдрасулова болсо бул кылмыштын бетин ачып, кылмышкерлерди жазалоо өтө кыйын деген пикирде:

- Алишерди атып кетишкенден кийин эле бул кылмыштын ачылышы кыйындыгын биз, укук коргоочулар айтып чыккан элек. Себеби аны жасагандарды табуу биздин бийлик үчүн өтө оор маселе. Айрым тараптар бул кылмыш өзбек коопсуздук кызматы тарабынан жасалганын да айтып чыгышкан. Ошон үчүн мен Алишердин атасынын тынчсызданып жатканын туура деп эсептейм жана кылмыштын бети ачылбай деле калышы мүмкүн деген ойдомун.

Азиза Абдрасулова ошондой эле убакыт өткөн сайын бул иш бара-бара унтулуп, аягына чыкпай калышы, Алишердин өлүмү ошентип табышмактуу бойдон калып калышы ыктымалдыгын белгиледи.

Былтыр октябрда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн маркум журналист Алишер Саипов “Америка үнү” сыяктуу эл аралык радиодо, “Fergana.ru” маалымат агенттигинде иштеп, өзбек бийлигин сындаган макалаларды жазып турган. Кийинчерээк ал Ошто өзбек тилинде “Сиёсат” аттуу эркин гезит чыгара баштаган.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG