Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

Р.ЖЭЭНБЕКОВ: ЖАКЫНДАРЫМ АЗЫРЫНЧА КЕЛБЕЙ ТУР ДЕШТИ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Экс-министр, мурдагы элчи Равшан Жээнбеков учурда АКШдагы окуусун аяктап, бирок ошол эле өлкөдө кала берүүдө. Ага каршы мындан мурдараак Каржы полициясы кылмыш ишин козгогон эле. “Азаттыктын” таңкы түз обосунда Р.Жээнбеков өзүнүн эмне себептен мекенине кайтууну токтотуп турганы тууралуу айтып берди.

- Кээ бир маалыматтар боюнча сиз 12-июнь күнү Кыргызстанга келип түшмөк элеңиз. Ошол эле күнү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү да Бишкекке алынып келинген күн болчу. Бирок көрүнүп тургандай, сиз бүгүнкү күнгө чейин АКШда калып атасыз. Сиздин мекениңизге келүүгө кандай тоскоолдуктар болду, сизге каржы полициясы тарабынан кылмыш ишинин козголушунун байланышы барбы?

- Албетте мунун байланышы бар. Мен мурда келем деген оюм бар эле. Бирок кийинки кезде ата-энемдин, туугандарымдын, жердештеримдин жана бир топ саясатчылардын кеңеши боюнча келбей турууну туура көрдүк, ушундай чечим кабыл алдык. Анткени азыркы биздин режим менен, биздин соттор менен мен эч кандай тууралыкты, адилеттүүлүктү далилдей албасыма көзүм жетти. Ошондуктан азырынча келбей туруу жөнүндөгү чечим кабыл калдым.

- Кыргызстандагы болуп жаткан окуялар, өлкөдөгү абал тууралуу маалымдар болсоңуз керек. Бир айга жете элек мурдагы спикер Адахан Мадумаровдун кызматтан кетиши бир топ ызы-чууларды пайда кылды. “Де-факто” гезитинин үстүнөн кылым ишинин козголушу, ушул жана башка окуялар тууралуу кандай пикирдесиз?

- Менин оюмча кийинки кездеги Мадумаровдун кызматтан кетиши жана “Де-факто” гезитинин тегерегиндеги ызы-чуулардын көпчүлүгү бул келаткан президенттик шайлоого даярдык болуп атат. Анткени күчтүү саясий фигураларды саясий аренадан кетирип, президенттик шайлоого даярдануу. Ал эми экинчи “Де-фактого” окшогон газеталарды жабууга болгон аракет бул башка көз караштагы, азыркы режимди колдобогон ММКын шайлоого чейин жок кылып, түз жол менен шайлоого баруунун аракети болуп эсептелет.

- Демек сиз Адахан Мадумаровду президент өзүнүн жолунан атаандаштарын чыгарып тазалап атат деген пикирге кошулат турбайсызбы?

- Сөзсүз түрдө. Анткени Адахан Мадумаров кандай болгон күндө дагы келечектеги президенттикке коюп жиберүүчү адамдардын бири катары эсептелген. Ошондуктан аны саясий фигура катарында азыр саясий аренадан алып ташташты.

- Аз күн мурда кыргыз эли замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовду жайына тапшырды. Сиз Малайзияда элчи болуп турганда ал киши менен кесиптеш болуп калдыңыз эле. Кызмат жагынан көп эле жолугуп сүйлөшкөн болушуңуз керек, кыскача эскерип кетсеңиз?

- Албетте мен кызмат боюнча министр кезимде, элчи кезимде Чыңгыз Төрөкулович менен бир топ жолу байланышып, көп сүйлөшкөм, үйүндө болгом, ал киши менен көп чет жактарга чыккам. Ал киши кыргыз үчүн көп нерсе жасады. Анткени кыргызды Чыңгыз Төрөкулович аркылуу дүйнө жүзү таанып, биздин кыргыздын бүгүнү жана келечеги үчүн биздин агабыз, биздин атабыз чоң жакшы нерселерди жасап кетти.

- Бирок Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу боюнча, кыргыз бийлиги эмне кылышы керек, анын аты-жөнүн бир мектепке, же көчөлөргө коюу менен эле чектелгенден тышкары?

- Менин оюмча Чыңгыз Төрөкуловичтин атын бир мектепке, же көчөлөргө берүү жөнүндө шашылбасак да болот. Анткени Чыңгыз Төрөкулович бул биздин тарыхыбыздагы, маданиятыбыздагы, мамлекетибиздеги өтө чоң инсандардын бири. ойлонуп туруп бүгүн болобу, келечекте болобу ал кишинин ордун бекем сактап калганга аракет кылбабыз, кылышыбыз керек. Менин оюмча Чыңгыз Төрөкулович сөзсүз түрдө тарыхта өзүнүн ордун ээлейт.

- Азыркы учурда эмне кылып атасыз. Качан мекениңизге келейин деген оюңуз бар?

- Азыркы учурда мен окуну бүткөңдөн кийин Бишкекке кетсемби деген оюм бар эле. Мурда берилген бир жалдык практикадан баш тартым койгом. Саясий абал мындай болуп аткандан кийин ошол практикамды кайрадан уланат берейин деп чечтим. Азыр практика жасап атам, дагы бир жылдык окууну бүткөндөн кийинки ишти үйрөнүү жолдору боюнча Америкада иштеп атам азыр.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG