Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

11:35 Укук коргоочу Качкын Булатов “Де-факто” жарыялаган макаланы жазууга жардамдашканын билдирди


“Эр айдоочу” укук коргоо уюмунун жетекчиси Качкын Булатов ал тууралуу АКИ-пресс агенттигинде өткөргөн жыйында билдирди. Анын айтымында, бир нече күн мурун шаардык салык инспекциясында иштейм деп күбөлүгүн көрсөтүп, өзүн Замира Молдоева деп тааныштырган аял шаардык салык инспекциясында коррупция күчөдү, ага каршы кантип күрөшүү керек деп кеңеш сураганда арызын өз колу менен оңдоп, гезит аркылуу күрөшүү керек деп кеңеш берген.Ал аял Булатов оңдоп жазып берген арызды компьютерде терип, анан “Де-факто” гезитине алып барган. Ошон үчүн ал макала автору болгон аялды таап, прокуратурага жетелеп барып берерин жана тартип коргоо органдарына барардан мурун маалымат берип коеюн деп чечкенин, себеби тартип коргоо органдары өзүн да кармаары мүмкүн экендигин кошумчалады.Шаардык прокуратура “Де-факто” гезитине шаардык салык инспекциясынын жетекчисин каралап макала жазган Замира Молдоева аттуу аял жок экендигин билдирип, ал макала адамдын ар-намысына, абийирине доо келтирди деген негизде 14-июнда кылмыш ишин козгогон. (AJ)

XS
SM
MD
LG