Мындай маалыматты Баткен райондук сотунун судьясы Исмаил Каримжанов 19-июнда «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда Баткен облустук акимчилигинин башчысынын орун басары Иноват Нематованын жасалма иш кагаздарын даярдаганы, Баткен райондук сотунда өзүнүн кызматкери Кубаныч Нурмамтов менен соттошуп жатканда аныкталган. Буга чейин 2008-жылдын май айында облустук акимчиликтин илим жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Нурмамтов, мамлекеттик кызматкердин этикасын бузган деп жумуштан четтетилген болчу. Кубаныч Нурмаматовдун облустук акимчиликке карата доо арызын Баткен райондук соту канаатандырып иштен мыйзамсыз бошотулган деген бүтүм чыгарган.
Буга сот жараянында жооп берген губернатордун орун басары Иноват Нематова, сот туура эмес бүтүм чыгарды деген пикирин «Азаттыкка» билдирди. (SA)
Буга сот жараянында жооп берген губернатордун орун басары Иноват Нематова, сот туура эмес бүтүм чыгарды деген пикирин «Азаттыкка» билдирди. (SA)