Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

Маектешкен Замира Кожобаева Кечээ мамлекет башчынын жарлыгы менен УТРКнын президентинин милдетин аткаруучу Мелис Эшимканов расмий түрдө УТРКнын президенти болуп бекитилди. Мына ушул маселеге жана “Де-факто” гезитинин айланасында болуп жаткан окуяларга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна саясий серепчи, журналист Кубан Абдымен түз ободо жооп берди.

- Кабарларда айтылгандай эле кечээ УТРКнын президентинин милдетин аткаруучу Мелис Эшимканов расмий түрдө УТРКнын президенти болуп бекитилди. Бул жарлыкка мамлекет башчы кол койду. Бирок мыйзам боюнча мамлекеттик телеканал жетекчисин байкоочу кеңеш бекитүүгө тийиш эле да. Биз билгендей өткөн күздө байкоочу кеңеш тарап кеткен. Эми минтип Эшимкановдун президенттин буйругу менен УТРК жетекчиси болуп дайындалып атканы канчалык деңгээлде мыйзамдуу?

- Бул азыркы Кыргызстанда түзүлүп аткан саясий кырдаалдар, кайсы топтор кандай чичим кабыл алабыз деген кадамга жараша болуп атат. Мисалы, УТРКнын президентин дайындоосу бул жакында эле Кыргызстандагы телевидение жана радио берүүлөрдүн иштеши тууралуу чыгарылган мыйзамдын негизинде коюлуп атат. Ал эми буга чейин былтыр мамлекет башчысынын жардыгы менен чыккан КТРдин көзөмөлдүк кеңешинин чечиминин негизинде жетекчи дайындалыш керек болчу. Ал эми мында болсо мурдаыг чыккан мыйзам актына карама-каршы келген мыйзамы акыркысы “Ак жол” партиясынын колдоосу менен чыгарылып, анан президенттин чечими менен УТРКнын жетекчисин дайындап жатышы бул Кыргызстандагы түзүлгөн абалдын карама-каршы келип жатканынын бир мисалы.

- Дегеле ушул байкоочу кеңештин зарылчылыгы бар беле. УТРК коомдук телеканал болуп түзүлгөн жок да. Анткени биздин билишибизчк байкоочу кеңеш түзүү зарылчылыгы УТРКны коомдук телеканалга айландыруу керек деген талаптан улам келип чыккан?

- Бул март окуясынан кийинки абдан чоң масаелеге айланган чечимдердин бири болчу. Ошол кездеги түзүлгөн кырдаалга жараша мамлекет башчысы дагы коомчулуктун талаптарын колдогонсуп, көзөмөл кеңешин түзүп, УТРКны коомдук телеканал кылабыз деген ойлорго жакын экенин билдиргенге аракет кылган. Бирок чечим чыккандан кийин эле көзөмөл кеңешинин мүчөлөрү 15 киши дайындалганына карабастан алардын жарымынан көбүрөгүн бийликтегилер эле кеңештен чыгууга мажбурлап, андан кийин анын ишин токтотконго себепчи болгон. Ошол себептен азыр телевидениенин жетекчисин көзөмөл кеңеш дайындабастан жеке президенттин чечими менен дайындаш керек дегендей мажбурлук пайда болду деген шылтоо менен жасалып жатат. Ал эми көзөмөл кеңешинин иштеши бул албетте коомдук телевидениенин пайда болушуна жана коомчулуктун мүдөсүнө шайкеш келген, бир иштерди алып бара турган телевидение жарата тургандай кадам болот болчу.

- Эми жалпы эле сөз эркиндиги тууралуу кепке өтсөк. “Де-факто” гезитинин акыркы эки саны чыкпай калды. Сиз жакшы билесиз эмне себептен экенин. Айрым байкоочулар бийлик гезитке басым жасоо менен жалпы сөз эркиндигине кысым жасап жатат деген ойлорун айтып атышат. Сиз кандай ойлойт элеңиз?

- Менин жеке пикиримде Кыргызстандагы азыркы ММКлардын арасында түзүлгөн кырдаал бул мамлекеттин атайын өткөрүп аткан саясаты деп айтпасак дагы, ошол бийликте жүргөн кээ бир бийик деңгээлдүү орундарда отурган саясатчылардын кылып аткан иши деп айтсак болот. Себеби азыркы учурда “Де-факто” менен “Алиби” гезитинин соттошуп аткандагысы, сотто бир миллиондон уттуруп ийгендегиси, андан кийин азыркы “Де-факто” гезитинин чыкпай аткандагысынын себептери бул жеке адамдардын өзүлөрүнө каршы жасалаган маалыматтарга арыз берип, ошонун чегинде укук коргоо органдары болобу, милиция органдары болобу ошону чечмелеп, анын артында эмне тургандагысын таап берүү максатында жасап аткан иштерге окшоштуруп коюшту. Чындап келгенде, албетте Кыргызстандагы ММКлардын азыркы кездеги ролу мындан 2-3 жылга караганда абдан эле төмөндөп кетти.

- Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG