Түркиянын Улуу Улуттук жыйынындагы кыргыз-түрк достук тобунун башчысы депутат Ибрахим Хасгур баштаган депутаттарды Бишкекте алгач мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев кабыл алып, эки тараптуу соода-экономикалык, маданий, билим берүү багытында кызматташуу боюнча пикир алмашат. Андан кийин түрк депутаттарын Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев кабыл алат. Үч күнгө созулган сапар учурунда түрк делегациясы Ысыккөл облусунда да болмокчу.(AiT)