Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

АКШнын Мамлекеттик катчы жардамчысынын орунбасары Жорж Кролдун Кыргызстандагы төрт күндүк иш сапары алдында айрым маалымдоо каражаттарында “Манас” абамайданы маселеси байма-бай козголду. Ошондон алыстан келген расмий өкүлдүн Кыргызстандагы алгачкы билдирүүсү “АКШ өкмөтүнүн “Манас” абамайданын дагы кеңейтүү планы жок” экенин ырастоо менен башталды. Айрым саясий күчтөрдүн маал-маалы менен Ооганстан, Иран маселесин “Манас” абамайданындагы америкалык аба базасына байланыштырышы көнүмүшкө айланып баратат.

Өткөн аптанын башында Көл жээгинде “Ооганстан, Шаңкай кызматташуу уюму, коопсуздук жана Борбор Евразиядагы геосаясат” деген аталышта эларалык конференция болуп өттү. Илимий жыйында АКШнын аскерий базаларын Ооганстан, ошондой эле Борбор Азияда кармап турушунун олуттуу себеп-жөнү, анан да ал өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыктарына кайчы келбеш керектиги баса белгиленди. Аны илимий жыйын уюштуруучулардын бири Александр Князев такай айтып келатат. А.Князевдин ырасташынча, АКШ аскер аба базасын “Манас” абамайданында кармап туруунун пайдасынан зыяны көбүрөөк.

- Зыяны, менимче, ачык көрүнүп эле турбайбы. Иран менен болушу ыктымал согушта бул базаны пайдалануу, ага каршы жасалчу аракеттер тууралуу сөз болгон. Мындан тышкары база жайгашкандан бери ага каршы бир канча террордук иштер даярдалганы белгилүү. Бул сестенткич. Базанын бул жерде турушу кээде Орусия, Кытай менен өз ара карым-катыш боюнча чечим кабыл алууга тоскоол болушу мүмкүн.

Айтса, мындан үч жыл илгери Шаңкай кызматташуу уюмунун Астана жолугушуусунда аскерий базаны эртерээк чыгаруу маселеси козголгон. Аскер аба базасынын аймагын 300 гектир жерге дагы кеңейтүү жөнүндөгү маалымат жуп АКШнын Мамлекеттик катчы жардамчысынын орунбасары Жорж Кролдун иш сапары алдында башталып, учугу Орусия менен Кытайдын улуттук кызыкчылыктарына барып такалып отурбайбы. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев Кыргызстанга аскер базасын жайгаштыруу сунушун үчүнчү бир өлкө деле билдириши мүмкүн деп эсептейт:

- Кытай өлкөсү деле ошол ШКУда айтышы мүмкүн. Эгерде Американын аба-учак базасы бул жерде турса, анда ШКУ аркылуy Кытайдын базасын да бул жерге коелу. Орустун базасы да бул жерде болот. Американыкы да болот. Кытайдын да базасы болот дейт. Ошондуктан кыргыздын алакандай жери чоң мамлекеттердин талаш-тирешине айланып кетиши мүмкүн.

Анткен менен Шаңкай кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөр байманалуу бай мамлекеттердин катарына кирбейт. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев кызматташтыктагы өлкөлөрдүн жарды Ооганстанга жардам бере турган чамасы жок дейт:

- Ооганстанга жардам көрсөткөндөн көрө Ооганстанга берилип жаткан жардамды пайдалансак болот десек башка сөз болот. Мына Ооганстанга 50 миллиард доллар жардам түшүрөлү деп аракет кылып жатышат. 10 миллиарддан ашуунун Америка Кошмо Штаттары беребиз деп жатат. Бул реалдуу акчалар.

Аскерий база, Ооганстанга жардам берүү маселелери ошентип барып-келип чоң саясий оюнга айланууда:

- Бу биздин мамлекетке маалымат кысымы да болуп жатат. Анан ушул ШКУ Ооганстан боюнча кантип кызматташсын. Бул жерде илгерки Улуу Британия менен Орусиянын ортосундагы оюн азыр андан башка, жогорку масштабда жүрүп жатпайбы ал жерде. Анан Ооганстанды тынчытып алалы, анын Орто Азияга зыяны тийбесин деп биздин тынчсызданып атканыбыз чын. Бирок биздин мамлекеттин антишке өз алдынча күчү жете албайт,- дейт О.Молдалиев.
XS
SM
MD
LG