Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

ӨНӨРҮҢ БОЛСО ӨРГӨ ЧАП


Түрмөгүбүздүн бүгүнкү мейманы таанымал ырчы Малик Аликеевдин уулу, комузчу, чоорчу, сазчы, эл аралык сынактардын жеңүүчүсү Кубат Аликеев. Жакында 14 жашар ар тараптуу шыкка бай Кубаттын ордо калаадагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын концерттик залында “Кылым карыткан күүлөр” аттуу жеке отчеттук концерти болуп өттү.



“Таласым”

Сөзү, обону Ш.Шеркуловдуку

Токоюн бойлоп баратсам,
Суктанып мени караткан,
Алыстан келген адамды
Эрчитип кетирбейт Таластан.

Берекке нурун сепкен жер,
Каныкей жашын төккөн жер,
Кан Бакай, Кошой баш болуп,
Кабылан Манас өткөн жер.

Акчөлмөк ойноп Таластан,
Айлуу түн бизге жарашкан.
Канчалык ойноп күлсө да,
Кумарым канбай Таластан.

Ак шумкар сызып учкан жер,
Атагын дүйнө уккан жер,
Ордолуу бийик Таластан
Чолпонбай, Чыңгыз чыккан жер. (2 жолу).

Талас абалтан эле кабылан Манас баштаган баатырлардын гана кутмандуу жери эмес, ар кандай шыктагы алп таланттардын да бешиги болгон. Алсак, ар кыл доордо манасчы Балыкооз, ак таңдай төкмө ырчылар Чоңду, Жеңижок, Эшмамбет, Эсенаман, Алымкул, Жаныш, Эстебес, комузчу, обончу, ырчылар Айдараалы, Эркесары, Абдыракман, Атай, Шекербек, сурнайчылар Тойкожо, Жунусаалы ж.б. шайырлар жашап өткөн. “Аккан арыктан суу агат” дегендей бүгүнкү күндө да Талас аймагынан чыккан атактуу шайырлардын жолдорун ондогон жаш шайырлар улап келүүдө. Алардын азыркы таптагы кенжеси 14 жаштагы Аликеев Кубат. Ал өз мезгилиндеги обончу, ырчы, маркум чоң атасы Жунуштан, таанымал ырчы, атасы Маликтен айырмаланып “Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деп, комузду таңшыта чертүү менен бирге чоорду да созолонто тартат. Ал турсун түрктөрдүн байыркы үч кылдуу музыкалык аспабы сазды да безеленте чертет. Кубаттын атасы, ырчы Малик мырзадан эмне үчүн уулуң чоң атасы Жунуштун, өзүңдүн жолуңду жолдоп ырдабай комуз, саз чертип, чоор тартып калды деген собол узатып, микрофон сунганымда ал мындай деди:

- Кубат кичинекей кезинде балдар жана өзүм ырдаган ырларды ырдоочу. Азыр болсо музыкалык тил менен айтканда курагына жараша үнү калыптана элек. Уулум Кубат биринчи класстан тартып ордо калаадагы П.Ф.Шубин атындагы музыкалык мектептин комуз классында окуй баштады. Мына, бүгүн болсо мектепти бүтүп, жеке отчеттук концертин М.Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын залында концертин берип жатат. Кубат тек гана комуз чертпестен чопо, ышкырык чоорлорду тартат. Ал турсун бир жуманын ичинде түрктөрдүн абалкы саз деген музыкалык аспабын да үйрөнүп, боордош элдин күүлөрүн черте баштады.

Ал эми Кубат атасынын ырчылык кесибин улабай комуз чертип калганы жөнүндө ал минтет:

- Мен кичинекей кезимде ырдоочумун. Бирок, чоңойгондо эмнегедир ырга караганда комузга ышкым, сүйүүм артып комуз чертип келе жатам. Эми, улуу комузчу Ыбырай Туманов атабыздын жаштарды билим алууга чакырган “Жаш тилек” аттуу күүсүн чертип берейин.

Кубат азыркыдай залкар комузчу Ыбырайдын караандай кайрыктары менен айтуучу ойду түшүндүргөн кара күүлөрдү чертүү менен Карамолдонун, кол ойнотуп чертилген Ниязаалынын, Атайдын, Токтогулдун айтым (кол ойнотуп, сөз, ыр менен коштолуп) чертилген күүлөрдү да жеке, фортепианонун коштоосунда, комузчулар тобуна кошулуп, таза, так, автордун өздөрүндөй түп нускадан алыстабай чертүүгө аракеттенгенин өз көзүбүз менен көрүп, өз кулагыбыз менен угуп, эгерде жаш шайыр азыркы басыгынан айныбаса, келечекте ал чоң комузчу-аткаруучудан болооруна ынандык жана кубандык.

Жаш шайырдын ар тараптуу талантынын өркүндөшүнө, өсүшүнө канат жараткан, комуз дүйнөсүнөн көзүн ачкан мугалими Марина Айдаралиева Кубаттын келечеги жөнүндө минтет:

- Мен ойлойм Кубаттын келечеги кең деп. Ал кичинекей кезинен мага келгенден комузду бат үйрөнүп, бат эле залкар татаал кайрыктардагы, күүлөрдү чертүүгө жетишти. Республикалык, эл аралык сынактарга катышып баш байгелерди жеңип алды. Көптөгөн сынактарда биринчи, экинчи орундарды алды. Менин оюмча Кубаттын келечеги кең.

Кудай Кубатка өмүр, кубат берсе, болочокто кыргыздын таанымал шайырларынын биринен болот деген ак тилек, чоң үмүт бар.
XS
SM
MD
LG