Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

17:25 Сулайман тоосу ЮНЕСКОнун тизмесине кирип калуусу мүмкүн


ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине талапкер болуп турган 47 табигый жана маданий эстеликтердин катарында Сулаймон тоосу да бар. Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча ЮНЕСКОнун номинацияларды аныктоо жыйыны 2-июндан 10-июнга чейин Канаданын Квебеке шаарында болот. Сулайман тоосун бул тизмеге киргизүү зарылчылыгы тууралуу жыйында министр Султан Раев сөз сүйлөп, коргоого алмакчы.
Дүйнөлүк мурастар тизмесине талапкерлердин арасында Индия, Йемен, Израиль, Жапония жана башка бир катар өлкөлөрдүн табигый жана маданий эстеликтери бар. Ал эми ушул учурда ЮНЕСКОнун тизмесинен дүйнөнүн 141 өлкөсүнүн 851 табигый, тарыхый жана маданий баалуулуктары орун алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG