Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:56

ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАЛАРЫ


Бул жумада Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Сыдыкбек Садыркуловдун жеке көргөзмөсү ачылат. Анда живопись графика жанрындагы иштер коюлат. Көргөзмө 13-июлга чейин созулат.

Мындан сырткары музейде Жалалабаттык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө. Анда кыл калем чеберлеринин живопись, графика жанрындагы жана кол өнөрчүлүктөн жаралган буюмдар коюлган.

27-июнда кыргыз улуттук драма театрында Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана “Кылым муза” продюсердик борбору кыргыз тилине арналган маданий иш-чара өткөрөт. Бул кечеге бир катар ырчылар катышат деп билдирди аталган борбордун жетекчиси Айбек Карымов.

29-июнда Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында италиялык композитор Джузеппе Вердинин “Риголетта” операсы тартууланат. Бул оюн театрда мындан канча жыл мурда коюлган. Бул жолу режиссер Искендер Сартбаев сахналаштырды. кыргыз эл артисти Эсен Нурмамбетова бул чыгарма көрүүчүлөрдү терең ойго сала турган психологиялык спектакль экенин белгиледи.


Орус улуттукдрама театрында өтүүчү спектаклдер тууралуу айтсак 25-июнда Шкваркиндин чыгармасына коюлган “Бөтөн бала” комедиясы, 26-27-июнда Мар Байжиевдин “Кылмыштуу окуя” драмасы тартууланат. Автордун билдиргенине караганда бул чыгарма мындан бир топ жыл мурда жазылып, анда жаштардын турмушу чагылдырылган.


Мындан тышкары орус драма театрынын артистери француз жазуучусу Клод Маньенин “Блез” комедиясын жана балдар үчүн Кузьминдин “Сыйкырдуу гүл” жомогун тартуулашып, 70- театралдык сезонун жабат.
XS
SM
MD
LG