Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

"Фридом Хаус" Орусия, Казакстан, Азербайжанды сынга алды


Адам укуктарын коргоочу "Фридом Хаус" уюму эски совет аймагынын бул үч өлкөсүн дүйнөдө энергия баасы өсүп, мунай менен газдан түшкөн кирешеси көбөйүп жаткан шартта демократиялык жараяндарды басаңдатканы үчүн сынга алды. Аталган уюмдун отчетунда белгиленгендей, алардын өкмөттөрү жарандардын эркиндигин, коомдук уюмдардын ишмердигин чектешти. Ошондой эле Орусия, Казакстан, Азербайжанда жүрүп жаткан жараяндар боюнча маалымат алууда айкындуулук жок.
Ал эми Орусиянын мурдагы президенти Путин "авторитардык капитализм" тажрыйбасын жүргүзүп, басма сөздү унчукпас кылып салды, соттун көз карандысыздыгы мүмкүн болбогондой кырдаал жаратты.

XS
SM
MD
LG