Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:46

АМАНГЕЛДИ МУРАЛИЕВ: ОППОЗИЦИЯ БИРИГҮҮ ЖОЛДОРУН ИЗДӨӨДӨ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Коомдук уюмдар менен саясий партиялардын кечээки талкуусунда Кыргызстан экономикалык-социалдык жана башка кыйынчылыктарга кептелип, кайра дагы революциялык жагдайга жакындап калганы тууралуу пикирлер айтылган эле. “Таңкы Азаттыктын” түз ободогу маектеринин биринде мурдагы премьер-министр, коомдук ишмер Амангелди Муралиев өлкөдөгү саясий жана экономикалык кырдаалга байланышкан суроолорго жооп берди.

- Өлкөдөгү азыркы абал боюнча эмне айта аласыз, Кыргызстан чын эле ошондой революциялык кырдаалга жакындап баратабы?

- Менимче абал чынында начарлап баратат. Эмне үчүн дегенде баалардын өсүп жатышы, энергетика проблемалары элди кыйнап жатат. Кырдаал начарлап жаткан мындай учурда болсо өкмөт тарабынан кандай иштер жасалып жатканы тууралуу элге ачык-айкын айтылбай жатат. Өкмөт эмне иш кылып жатканын эл билбейт, элде маалымат жок. Айыл жерлеринде, шаарда деле элдин көпчүлүгү жакырчылыкка улам жакындап баратат.

- Ошол айтылып жаткан социалдык-экономикалык кризистердин себеби эмнеде?

-
Бул жерде эки негизги маселе бар. Биринчиси - глобалдык процесстер, эми ал белгилүү, баарыбызга түшүнүктүү. Экинчиси – ички экономикалык саясаттын начардыгы. Өкмөт айтып атпайбы азыр, быйыл кырманыбыз данга толот, эч кандай ачкачылык болбойт деп. Мен жакында эле айылга барып келдим. Айылга барганда талааларды кыдырып көрдүм. Эгин кургап же өспөй калыптыр, түшүмдүүлүк начар болоору көрүнүп турат. Айылдыктар менен сүйлөшсөм мурда анча-мынча киреше алып турган кант кызылчасын да айдабай калганын айтышты. Себеби кант заводдору да мурдагыдай иштебейт. Ушул эки эле мисал биздин ички экономикалык саясатыбыз кандай экенин көрсөтүп турат. Биздин өкмөт болсо процесстерден артта калууда. Ушундан улам айрым саясатчылар, серепчилер мындай абал улана берсе, жакырчылык сазына тартылып бараткан эл айласыздан өз талаптары менен көтөрүлүп чыгышы мүмкүндүгүн болжошууда.

- Кечээки жыйында бийлик партиясына каршы бир күчкө биригүү сунуштары да айтылды. Азыркыдай шартта оппозиция ошондой бир чоң күчкө бириге алабы?

-
Эми мени ал жыйынга коомдук ишмер катары чакырган соң “чакырган жерден калба” дегендей барып катыштым. Ал жыйында өлкөдөгү абал талкууланды, бир топ жакшы ой-пикирлер айтылды. Негизинен оппозиция биригүү жолдорун издеп жатат. Оппозиция биригүүнү көздөгөнү жакшы, бирок менимче идея жок, бириктире турган максат жок болуп жатат. Оппозиция өкүлдөрү азыр ошол жолдорду издөөдө.

- Рахмат маегиңизге!

XS
SM
MD
LG