Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

25-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1894-жылдын 26-июнунда Ысыккөлдө белгилүү саякатчы Н. М. Пржевальскийге эстелик ачылды. 1912-жылы пишпектик ишкер Бабахан Нурмухаметбаев Пишпек-Токмок жана Верный багытында туруктуу жүрө турган автомобиль каттамын уюштура тургандыгын билдирген.

Россия падышасынын Томск шаарындагы жергиликтүү бийлиги энесайлык кыргыздардын чапкынына кабылып турушкан. Кыргыз чапкынына жооп ирээтинде, Томь воеводалыгы 1609-жылдын 25-июнунда кыргыз бийлигине каршы 300 адамдан турган аскер жөнөткөн. Орус жоокерлери кыргыздарга түн жамынып кол салып, катуу кыргын салган. Кыргыздардын көбү качып, калган аял, балдарды орус аскерлери өлтүрүшүп, 3000 чамалуу малды олжого алышкан.

1916-жылкы көтөрүлүш кыргыз тарыхындагы кайталангыз окуялардын катарына кирет. Кыргыз калкынын башына үйүлгөн мүшкүл иш Россия падышасынын 1916-жылдын 25-июнь күнкү чыгарган жардыгынан улам башталган. Падышанын жардыгына ылайык Түркстандагы жашы 19-43 аралыгындагы эркектерди фронттогу оорук иштерине тартууга буйрук берилген. Ансыз да өзүмбилги бийлигинен, өрүш толгон жеринен айрылып, бугу ичине батпай турган элге падышанын согушка жан бергиле деген жардыгы саманга от койгондой дүрмөт болуп берген.

Фрунзе атындагы машина куруу заводунун жумушчусу А. Тыринди коммунисттик партия мүчөлүгүнөн чыгаруу туурасындагы макала, «Советская Киргизия» гезитинин 1964-жылдын 25-июнь күнкү санына жарыяланды. Завод коллективи А. Тыринди совет бийлигин жамандаганы үчүн айыптап, ал түн жамынып, душмандардын «Азаттык» жана «ББС» радиолорун угат деп күнөөлөшкөн.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине биринчи шайлоо 1938-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн. Шайлоо комиссиясы чыгарган жыйынтыкка ылайык Жогорку Кеңеш депутаттыгына биринчи депутат болуп, № 16-Фрунзе шайлоо окуругунан Иосиф Сталин, Нарын округунан Николай Ежов шайланган.

Кыргыз медициналык институтуну директору Иса Ахунбаев 1948-жылдын 25-июнунда Москва шаарында доктордук диссертациясын жактаган. Иса Коноевичтин диссертациясы «Чүй өрөөнүндөгү эндомикалык богок» аталган. Автордун диссертациясы адистердин колдоосуна татып, Иса Ахунбаев кыргыздан чыккан биринчи илим доктору болуп калды.
XS
SM
MD
LG