Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

27-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1891-жылдын 27-июнунда Жетисуу областынын Сарыбагыш волостунда болуштук кызматка шайлоо өткөрүлгөн. 1951-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эң жаш окумуштуу тарых илимдеринин кандидаттык даражасын алды.

Жетисуу областынын Сарыбагыш волостунда болуштук кызматка шайлоо 1891-жылдын 27-июнунда өткөрүлдү. Анда волосттук управитель болуп Шабдан баатырдын уулу Хисамүдүн Шабданов шайланган. Бирок расмий бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө караганда шайлоого 901 түтүн катышып, ал эми болуштукту бөлөбүз деген 1000 түтүн адам шайлоого катышпагандыктан алардын укугу бузулду делип, чоң чырдын башы чыгарылган.

Фрунзелик профессор Александр Любищев 1947-жылдын бу күнү «Эволюциалык теориянын азыркы абалы» аттуу дарс топтомун окуп баштаган. Профессордун дарсы СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын лекториясында өткөрүлүп, ал жалпы жонунунан «Азыркы биологиянын проблемалары» деп аталган.

Республикалык маалымдоо каражаттары 1950-жылы И. Сталиндин «Марксизм и вопросы языкознания. Относительно марксизма в языкознании» аттуу кезектеги «гениалдык» чыгармасын жарыялоого киришти. Макалада академик Н. Маррдын тил теориясы кескин сынга алынып, андан улам кыргызстандык «маррчы» тилчилер да көз караштарын «улуу көсөмгө» туштай илгиртпестен өзгөртүшкөн.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эң жаш окумуштуу 1951-жылы тарых илимдеринин кандидаттык даражасын алды. 23 жаштагы Салмоорбек Табышалиев «Улуу ата мекендик согуш маалындагы Кыргызстан лениндик-сталинчи комсомолунун ишмердиги» аттуу илимий темада жазылган диссертацияны ийгиликтүү коргогон. С. Табышалиев жогорку окуу жайын 18 жашында бүткөрүп, илимге эрте аралашкан жана өз маалында Кыргызстандын көрүнүктүү илим уюштуруучусу катары таанылган тарыхчылардын бири болгон.

Аденаур, Каунтерпарт коомдук фонддун колдоосу менен Чолпон Ата шаарында өткөрүлгөн эки күндүк семинардын иши 2004-жылдын 27-июнунда соңуна чыкты. Семинар «Саясий партиялар жана демократия» темасына арналып, анын ишине Ысык көл, Нарын жана Талас облустарынын регионалдык саясий партияларынын, юстиция министрдигинин, ошондой эле, шайлоо комиссияларынын жер-жерлердеги өкүлдөрү катышкан.

Бу күнү, 1937-жылы акын Эсенгул Чопиев жарык дүйнөгө келип, 1975-жылы жазуучу Айым Айтбаева жарык дүйнө менен кош айтышкан.
XS
SM
MD
LG