Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:28

11:40 Бегалы Наргозуев: Транспорт министри менин авиакомпанияма жабышып жатат


Бүгүнкү парламент жыйынында ушундай деп билдирген депутат Бегалы Наргозуев, Транспорт министри Нурлан Сулайманов бир топтон бери анын авиакомпаниясына жабышып келатканын билдирди. Ага чейин депутат Б.Наргозуев ээлик кылган “Агым” гезитине Транспорт министри Н.Сулайманов тууралуу сын макалалар чыгып келатканын айтып, депутат Бакыт Бешимов парламент менен өкмөттүн араздашууларын көтөрүп чыккан эле. Өз кезегинде министр Н.Сулайманов айрым адамдардын авиация жана жол тармагында бизнеси бар экендигин, алар министрликтин ишине бут тосуп жатышканын, “Агым” гезитин болсо сотко берүүгө аргасыз болгонун айткан. (IJz)

XS
SM
MD
LG