Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ЖАЛГЫЗ ТАЛАПКЕР – ПРЕЗИДЕНТ МУГАБЕ


Амирбек Усманов, Прага Зимбабведе бүгүн жалпы элдик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө. Шайлоо бюллетенинде президент Роберт Мугабенин гана ысымы бар. Оппозиция лидери Морган Цвангираи өзүнүн жана тарапкерлеринин өмүрүнө болгон коркунучтан улам шайлоого катышкан жок. Мугабе эл аралык коомчулуктун Зимбабведеги курч кырдаалга байланыштуу шайлоону кийинге которуу жөнүндөгү өтүнүчүн, өлкөнүн ички ишине кийгилишүү катары баалады. Кабарларга караганда, шайлоого эл суюк келүүдө.

Марттагы президенттик шайлоодон кийин чейрек кылымдан узак бийлик башында отруган Роберт Мугабе өз тарапкерлерин оппозицияга каршы койо берген. Алардын зобун зордугунан бүгүнгө чейин оппозициянын 86 жактөөчусунун каны төгүлдү. «Демократиялык өзгөрүүлөр кыймылынын» ана башы Морган Цвангираинин билдиришинче, дагы 200 миңдей адам там- жайын таштап кетти. Мындай шартта Цвангираи шайлоого катышууну оң таппады. Бирок, Нидерландиянын Хараридеги элчилигинде жашынып отурган Цвангираи тарапкерлерин өз өмүрлөрүнө коркунуч болуп жатса, Мугабе үчүн добуш бергиле деди.

Цвангираи, ошол эле мезгилде, Британиянын «Гардиан» гезитинде чыккан үндөөсүнөн баш тартты. Үндөөдө БУУнун Коопсуздук Кеңешин Зимбабвеге чет элдик аскерлерди киргизүүгө уруксат берүүсүн сураган эле.

Мугабе Зимбабведеги курч жагдайды, 1980-жылы Британ оторчулугунан бошонгон өлкөнүн кен байлыктарын контролдоо үчүн чет элдик күчтөр уюштурган кутум деп атоодо. Өлкөнүн полиция башчысынын жардамчысы Фустино Мазанго бейшемби күнү Харариде жасаган билдирүүсүндө кризистик абал үчүн түздөн түз Британия менен АКШны күнөөлөдү:

- Британ падышалыгы менен Америка Кошмо Штаттар эртең болчу кайра шайлоону бузуу үчүн «Демократиялык өзгөрүүлөр кыймылыны» (MDS-T), жарандык уюмдарды жана башкаларды пайдаланууну мерчемдеп жатканы тууралуу маалыматтар бар.

Роберт Мугабе чет өлкөлөрдүн, ошондой эле Африка мамлекеттеринин шайлоону токтото туруу жөнүндөгү чакырыгын четке каккты. Анын сөзүнчө, башкаруучу Зану- ПФ партиясы өлкөнү өзү оң көргөндөй башкара берерин кайра кайталады:

- Африка Биримдиги конституциябыз менен эмне кылуу керек экенин жана өлкөнү кантип башкаруунун жолун бизге таңуулаганга акысы жок.

Эл аралык коомчулук Зимбабведеги шайлоону «саясый көз боемочулук» деп сындоодо. Өнөр жайы өнүккөн Чоң Сегиздин тышкы иштер министрлери кечээ Токиодо өткөн жыйынында шайлоо зимбабвеликтердин эркин чагылдырбагандыктан, анын жыйынтыгын тааныбасын билдирди.

Германиянын тышкы иштер министри Франк- Вольтер Штайнмайердин маалымдашынча, Коопсуздук Кеңеши келерки жумада Зимбабвеге каршы чара санкция колдонуу жолун талкуулайт.

АКШнын Мамткачтысы Кондолиза Райстын сөзүнчө, Вашингтон Зимбабвеге каршы кандай чара кабыл алуу жагын Коопсуздук Кеңшке мүчө өлкөлөр жана Африка мамлекеттери менен масилээттешет.

XS
SM
MD
LG