Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:13

ТҮНДҮК КОРЕЯ ӨЗӨКТҮК ПРОГРАММАСЫН КЫСКАРТУУДА


Чекиров Кубат, Прага Түндүк Корея бүгүн Йонбен өзөктүк комплексиндеги реактордун муздаткыч мунарасын жардырып жок кылды. Мунараны бузуу Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотууну дүйнөлүк кубаттуу өлкөлөрдүн экономикалык жардамына айырбаштаган келишимдин маанилүү баскычы болуп саналат.

Йонбенде чет өлкөлүк журналисттердин жана эл аралык телекомпаниялардын катышуусу астында өзөктүк комплекстин 20 метрлик муздаткыч мунарасы жардырып жок кылынды. Сыналгылар дал түбүнөн бир нече жолу жардырылган мунарадан чыккан чаңдын абага көтөрүлүп атканын көрсөтүп жатышты.

Мунаранын бузулушу Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотууну эл аралык каржылык жардамга айырбашталган келишимдин эң маанилүү жана эң символикалуу көрүнүшү.

Пхенян менен АКШ, Орусия, Кытай, Япония жана Түштүк Корея ортосунда Түндүк Кореянын өзөктүк программасын жөнгө салуу боюнча алты тараптуу келишимге 2007-жылы февралда кол коюлган.

Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк програмасынын шылтоосу менен бир нече жолу өзөктүк куралдардын сыноосун өткөрдү деп айтылып келаткан. Бүгүнкү мунаранын бузулушу Түндүк Кореянын плутонийден баштап башка ар кандай кубаттуу өзөктүк куралдарды жасап чыгаруу мүмкүнчүлүгүн жок кылат.

Мунараны бузуу Түндүк Корея мурдагы өзөктүк сыноолордун чоо жайы жөнүндө документтерди Кытайга өткөрүп бергенден бир күндөн кийин болуп отурат. Документти алгандан кийин ага жооп кылып АКШнын президенти Жорж Буш Түндүк Кореяга каршы киргизилген экономикалык санкцияларды токтотуп, ошону менен катар эл аралык террорчулардын тизмесинен бул өлкөнү чийип салуу жөнүндө ниетин билдирген.

Террорчулардын кара тизмесинен чыгуу Түндүк Корея үчүн эл аралык банктардан жана башка эл аралык уюмдардан үстөгү аз ссудаларды алганга жол ачат. Алты тараптуу келишимдин шарттарына ылайык Пхенян ошондой эле өзүнүн экономикасын чыңдоо үчүн отун-суу жана башка соода-экономикалык жеңилдиктерди алмакчы. Ошондой болсо дагы алты тараптуу келишим аткарылып баштаганына карабай Түндүк Кореянын өзөктүк програмамсы жөнүндө көп суроолор келип чыгууда.

Талдоочулардын баамында, 26-июнда өткөрүлүп берилген документтер Пхеняндын уранды байытууу иштеринин бардык сырын ачпашы мүмкүн. Жогорку деңгээлде байытылган урандан өзөктүк курал жасоонун экинчи ыкмасы бар, Пхенян бул программаны толук токтоттубу же жокпу, бул белгисиз.

Буш 26-июнда Түндүк Кореяны террордук кара тизмеден чыгаруу жөнүндө өзүнүн убадасын берип жатып, ошол эле учурда бул жердеги проблемалар жөнүндө да эскертип айта кеткен.

"Эгер Түндүк Корея туура жолдон чыкпаса, анда анын эл аралык коомчулук менен болгон мамилеси жакшырат. Эгер Түндүк Корея туура эмес жолго түшсө, анда Кошмо Штаттар жана анын алты тараптуу сүйлөшүүдөгү өнөктөштөрү тийиштүү жоопторун берет. Эгер алар бардык сырын ачпай, плутоний жасоо, уран байытуу иштерин токтотпой, аны жайылтууну улантып жатышса, мунун артынан чоң кесепеттер чыгат».

Буш ошондой эле Түндүк Корея террорчулардын кара тизмесинен чыккан менен ал баары бир оор экономикалык санкцияларга кабылган өлкөлөрдүн бири болуп кала берерин белгиледи. Буш ошондой эле бул обочолонгон өлкөнү дүйнөлүк коомчулукка толугу менен кошмоюнча зарыл чараларды көрүү улантыла турганын да айта кетти.

XS
SM
MD
LG