Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Г.МАМАШЕВА: БИР ЫРЫМ МЕНИ 38 ЖЫЛДАН БЕРИ БАГЫП КЕЛАТАТ


“Азаттыктын чыгармачылык кечеси” аттуу дидарлашуубузга келип катышкан кыргыздын атактуу ырчы кызы Гүлсүн Мамашева, Кыргызстанда чыныгы таланттар эмес, ортозаарлар бийик бааланарын, азыркындай рух дүйнөсү тебеленген мезгилде Ч.Айтматов жаңыдан келсе деле туу бийиктикке чыга албастыгын айтты.

Назира:- Гүлсүн эже, “Издеп жүрөм” аттуу ырыңыз кандайча жаралган? Кантип сиз ырдап калгансыз?

Гүлсүн Мамашева:- Бул ыр чыныгы чыгармачылык процесстен жаралган. Болот Шамшиев “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” фильмин тарта баштаганда ыр үчүн конкурс жарыялаган. Конкурстан ушу Мукан Рыскулбековдун “Издеп жүрөм” аттуу ыры жеңет. Сөзү да фильмдин маанисин коштоп – абдан мыкты. Маркум Ашым Жакыпбеков жазган аны. Анан ырчыларга да конкурс жарыялап, мага токтолушуптур. Фильмдеги ырды Москвадан жаздырып келгенбиз. Үн жазуу техникасы ошондо эле мыкты болчу Москвада. Бүткүл союздук кинематографиянын чоң симфониялык оркестринин коштоосунда ырдагам ошол ырды. Комузда болсо композитор Үсөн Сыдыков ойногон. Менин айтайын дегеним, ушул ыр өзүмдүн жүрөгүмө да аябай жакын ыр. 1978-жылы биринчи ырдап чыктым эле, ушул ырым 38 жылдан бери мени багып келатат.

Дарихат:- Гүлсүн эже, сиздин көзүңүз өзгөчө да – күлмүңдөп. Көзүңүз ырдап жаткандай сезилет жанагы сонун ырларды. Кандай дейсиз буга?

Гүлсүн Мамашева (каткырып):
- “Сенин көзүң жөн көз эмес
Жөн көз минтип карабайт,” – деген бир ыр бар эле биздин убакта. Анын сыңарындай, менин көзүм жөн көз эмес! Биздин убакта рыцарлар көп эле мыкты сапаттарды дароо баамдаган. Азыр эркектер майдаланып кетишпедиби. Ошо рыцарлардын көбү көзүмө компелемент айтышкан. Кыскасы, бу көзүмдүн пайдасын деле көп көрдүм.

Кожогелди Култегин:- Гүлсүн эже, сиздердин муундагы ырчылар дегеле дем-күчтөн кайта элек. Бирок, концерттерге, теле берүүлөргө, майрамдык салтанаттарга аз катышып атасыздар. Сүрүлүп ташталгандайсыздар да. А Орусиянын телеканалдарын ачсак сиздер менен тең-чача Пугачёва, Ротару, Кобзон күжүлдөп эле ырдап-иштеп атышат. Дегеле эч нерседен калбайт. Ушул багытта ой толгоп көрсөңүз?

Гүлсүн Мамашева- Өзү кыргыз кичинекей эл экенбиз да. Улуу орус деп ошон үчүн да айтышат экен – карабайсыңарбы, аксакалдарынын баарын эле биздин сыймык, биздин чен-өлчөм, тиги-бу дешип алдыга салып алып жүрүшөт. А кыргызстанда болсо, биздин маңызыбызды сыгып алып, кудум лимондой, өзүбүздү ыргытып ийгилери келип атпайбы. Биздин мамлекеттик жетекчилик деле ошону кичине ойлонуп койсо. Алар бүт биздин ырларыбыз менен чоңойгон. Өткөндө биздин муун бир концерт бердик эле, азыркы фонограмма менен ырдаган ырчылардан биздин үндөр алда канча өйдө, таза экен. Эл бизди коё бербей, 10го чейинден ыр ырдадык. Көргүлөчү, канча күч-кубатыбыз бар. Ошо бизди расмий, өкмөттүк деңгээлде өтүүчү концерттерге эмне үчүн кошушпайт?!. Ушу эски ырчыларды угуп жүрөлүчү деген демилге жогортон чыкпай келет.

Кожогелди Култегин:- Советтик доордогудай колдоо жетишпей атат дейсизби?

Гүлсүн Мамашева:- Кайран СССР. Ошонун мыкты жактарын алап кала алганы жокпуз, талкалап салдык, аттиң... Накта, нукура чыгармачылыктын баарын тең тандап алышчу. Азыр Кыргызстанда нукура таланттар бааланбай, каяктагы бир пачикилер дуулдата макталып атат. Анан кантип бизде чоң искусство жаралсын?! Азыркындай рух дүйнөсү тебеленген мезгилде Айтматов жаңыдан келсе деле туу бийиктикке чыга алмак эмес...

Талантбек:- Гүлсүн эже, сиздин жолдошуңуз - белгилүү режиссёр, Кыргыз эл артиси Бообек Ибраев эле. А киши өтүп кеткен. Кандайча үйлөндүңүздөр эле? Эскерсеңиз болобу?

Гүлсүн Мамашева:- Кыпкыргызча эле качырып алып кеткен. Мен Фрунзеде Кыргыз драма театрына ишке алынгамын. Бообек анда Нарын театрында башкы режиссёр экен. Ой, бизге бир жакшы кыз келди, байкап көрбөйсүңбү деп телефон чалышыптыр. Мени бир көрүп эле алып кетип калды. Кыргыз айтат эмеспи, таш түшкөн жеринде оор деп... Биздин үй-бүлөнү бузгусу келгендер да көп болду. Мен дагы, ал дагы андай кара шамалга туруштук берип, а кишинин көзү өткүчө бактылуу жашадык. Муну мен сыймык менен айта алам! Азыр деле а кишинин рухунун астында турмуш өткөрүп келем – балдарды үйлөп, үйлүү кылып, Бообектин атын көчөлөргө, маданият үйлөрүнө койдуруп дегендей...
XS
SM
MD
LG