Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

ДҮЙШӨНБЕК БАЙТӨБӨТОВ Ч.АЙТМАТОВДУН “ЖАНЫБАРЫМ ГҮЛСАРЫДАГЫ” ТАНАБАЙДЫН РОЛУНДА


“Чыңгыз Айтматов жана доор” аттуу түрмөгүбүздүн бүгүнкү жаңы чыгарылышынын мейманы Кыргыз Улуттук Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын көрүнүктүү актеру, Республиканын эл артисти Дүйшөн Байтөбөтов. Ал 1972-жылдан Ош кыргыз драма, республикалык жаштар жана балдар, Улуттук драма театрында актерлук кесипте иштөө менен дүйнөлүк орус, кыргыз драматургдарынын пьесаларындагы ондогон башкы каармандардын ролдорун аткарды. Алардын ичинен Чыңгыз Айтматовдун “Жаныбарым Гүлсарысыннан” Танабайдын, “Фудзиямадагы кадыр түндөн” Мамбеттин, “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөттөн” Органдын жана башкалардын ролдорун аткарып, көрүүчүлөрдүн алкоолоруна арзыйт. Булар тууралуу кабарчыбыз Балбай Алагушов Дүйшөнбек Байтөбөтов менен баардашкан.

- Дүйшөн мырза, 36 жылдан бери актерлук кесипти аркалап, дүйнөлүк, орус, кыргыз драматургдарынын театрга коюлган оюндарындагы ар кандай доорлордо жашап, баштарынан турмуштун түрдүү апатаарын өткөргөн, түркүн мүнөздөрдөгү баш каармандардын ролдорун аткарып, көрүүчүлөргө ыракат тартуулап келе жатасың. Ошолордун ичинен заманыбыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун да повестеринин негизинде сахналаштырылган “Жаныбарым Гүлсарыдан” Танабайдын, “Фудзиямадагы кадыр түндөн” Мамбеттин, “Деңиз бойлоп жорткон Аладөбөттөн” Органдын ж.б. ролдорун ойнопсуң. Бул каармандардын ичинен бүтүндөй жан дүйнөң менен берилип, эргип аткарган ролдоруң барбы? Болсо кимдин кейиптери?

- Чыңгыз атабыздын оюндарындагы ойногон каармандар мен үчүн түгөнгүс байлык, өзүнчө эле бир кенч, өзүнчө эле бир кол жеткис байлык катары ар дайым сезилет. Өмүр бою ошондой. Чыкемдин кандай гана образдарын ойнобогун, алардын тереңдиги, кенендиги бөтөнчө. Издене берсең дагы бир демеси чыга берет. Ошон үчүн Чыкем дүйнөлүк классиктердин катарындагы улуу жазуучулардын бири. Ошон үчүн мен ар дайым сыймыктанам. Мен артист катары Чыкемдин театрга коюлган оюндарындагы бир топ образдарды ойноого туура келди. Бул менин бактыма, таалайыма жазган улуу жол болду. Мен театр институтта окуп студент болуп жүргөн кезимде Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” аттуу повести боюнча тартылган “Мен Тянь-Шань” деген көркөм фильмдеги башкы каарман Ильястын ролунда ойгондум. Бул мен үчүн чоң бакыт, улуу жол болду.Ошол жол менен келип, театрга иштей баштадым. 1976-жылы белгилүү режиссер Адылбек Дыйканбаевдин коюусунда Оштогу Кыргыз драма театрында көрүүчүлөргө тартууланган Айтматовдун “Жаныбарым Гүлсара” аттуу повестинин негизинде сахналаштырылган “Жаныбарым Гүлсарада” коммунист Танабайдын ролунда ойнодум. Мен азыр аткарган ролумдун машинага басылган сөзүн барактап көрсөм 47 бет экен. Ушунчалык сөздү кантип жаттаганыма азыр таң калам. Бирок, ал мен үчүн эң бир түгөнгүс байлык. Мен оюндагы баш каарман Танабайдын образын бүтүндөй жан дүйнөмдү таштап коюп ойнодум. Танабай кайгырган жерде кайгырып, көз жаш төгүлө турган жерге көзүмө жаш алып аткардым. Айрыкча эл, адилет, чындык үчүн күрөшкөн коммунист Танабайдын карып, арып, кыйналып, бир буту көрдө, бир буту жерде турган кезинде партбилетинен канаты болгон Гүлсарадан ажырап, Райком партиянын шартынан чыгып келаткан жери мен үчүн өзүнчө бир шумдук. Ал спектаклибиздин финалында эле. Ал эми Танабай райком партиядан чыгып келатканда Гүлсара кишинейт. Ал алиге чейин угулат.

- Кечиресиң Дүйшөн мырза, сөзүң оозуңда. Эми угармандарга Танабайдын сүйүктүү аты Гүлсарага кайрылган монологунан үзүндү айтып берсең.

- Гүлсары жаныбарым. Сүмбөдөй болуп узунуң чыгып, күчкө толуп, заңкайган экенсиң. Жоош, момун, жоодураган көздөрүңдөн кагылайын. Мага таарынычың жоктой карайсың. Айры менен башка сабап, айлаңды түгөтө кордогонум эсиңден чыктыбы? Унутуп койдуңбу? Унутупсуң. Ошон үчүн айбансыңда. Унут Гүлсарым, таарынба. Мен кургурдун күйүтү күч. Башыма батман кырсык түштү, оор, өлчөмсүз, оор кырсык. Анча да болсо баягы эмес, такыр башка. Сен ага ишенбе. Кашкатаев катуу сүйлөп койду эле. Каяша кылмак кайда. Кайра ордуна отургуча шашты. Элдин ишенгени Чоро. Ал бул болсо кара жанын калкалап, чындыкты айтуудан көрөт. Макул. Танабайды алып калган карапайым караңгы колхозчу дейсиңби? Чоро билимдүү го, өмүр бою жетекчиликте келди. Билет го баарын. Жанагы Сегизбаевчилер менен Кышкатаевдердин айткандарындай эмес, бардыгы таптакыр башкача экенин, алардын сөздөрүнүн сырты жылтырак, ичи калтырак, куру көңдөй жалган экенин чыны менен эле Чоро көрбөй, билбей койду дейсиңби. Баардыгын билди. Андай болгон соң кимди алдап, кимге кызмат кылат. Болду. Мен ага дос эмесмин. Анын үстүнө мындан ары коммунист эмесмин. Чынында анын коммунист болбой калганы качан. Калп эле коммунистмин демиш болуп жүрөт да. Болуптур кайыр кош. Анын жолу башка. Менин жолум башка.

- Ыракмат, Дүйшөн мырза. Чыгармачылык ийгилик, чоң ден-соолук каалайм.
XS
SM
MD
LG