Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Ооганстан: 25 талип жоочусу өлтүрүлдү


Ооганстандын батышында 10 саатка созулган салгылашууда ооган жана НАТО жоокерлери тарабынан болжол менен 25 талип жоочусу өлтүрүлдү. Бул тууралуу Франс Пресс басма сөз агенттигине Бадгис вилайетинин акими Мухаммед Аййуб Ниязйар билдирди. Анын айтымында, кагылышуу Бадгистин Мукур ооданында кечээ (шаршембиде) орун алып, ооган жана НАТО жоокерлери арасында жоготуулар болгон эмес.

Анын аралыгында, Канаданын коргоо штабынын жаңы жетекчиси, генерал Уолт Натинчик акыркы эки жылдан бери ооган армиясы олуттуу ийгиликтерге жеткенин билдирди. Генерал Натинчик Аргандаб шаарында ооган аскерлеринин талип жоочуларына каршы ийгиликтүү чабуулун мисал катары келтирди. Өткөн айда ооган Улуттук кайра жаралуу армиясы тарабынан бул шаардагы салгылашууда 100дөй талип жоочусу өлтүрүлгөн эле.

XS
SM
MD
LG