Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:41

Манучер Моттаки: “АКШ дагы, Израил дагы Иранга кол салууга батынбайт”


Бул тууралуу жоромолун Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки билдирди. Ассошейтед Пресс агенттигине берген маегинде министр Моттаки америкалык жоокерлер Ооганстан жана Иракта “белчесинен батып калгандыктан” АКШ тарабынан Иранга кол салууну күтпөстүгүн белгиледи. Манучер Моттакинин билдирүүсү АКШ президенти Жорж Буштун сөзүнөн кийин чыкты. Президент Буш жакында эле Иранды уран байытуу иштеринен айнытуу үчүн дипломатиялык жолго артыкчылык берилээрин, бирок Вашингтон Иран өзөктүк курал жасап жатат деп шектенээрин жана бардык арга менен буга каршы күрөшүү ыктымалдан алыс эместигин айткан болчу. Иран болсо, өзөктүк программа тынчтык максатында гана колдонуларын айтып келет.

XS
SM
MD
LG