Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:57

Казакстан жекшембиде 6-июлда Астананын борбор шаар болгонунун он жылдык мааракесин белгилейт. Астананын мааракеси президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө туш келип, майрамдык той салтанат дүнгүрөгөн программа менен өткөн жатат. Ушул жекшембиде президент Нурсултан Назарбаев 68 ге чыгат.

Нурсултан Назарбаев өзүнүн туулган күнү болгон 6-июлду «Астананын күнү» деп улуттук майрам катары жарыялаган жарлыккка өткөн айда эле кол койгон. Бирок бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, Астананын он жылдык мааракесине карата камылга бир жыл мурун эле башталган. Бул күндөрү Казакстандын мамлекеттик маалымат каражаттары Астананын тоюна чакырылган Назарбаевдин мартабалуу меймандары менен мактанып жатышкан кез. Андай мартабалуу меймандардын арасында Орусиянын, Түркиянын, Борбор Азия, Кавказ өлкөлөрүнүн президенттери, ошондой эле Йорданиянын королу Абдулла дагы бар.

Астананын он жылдык маараке салтанатына ошондой эле атагы алыска кеткен популярдуу ырчылардын келиши күтүлүүдө. Мунайзат саткан капчыгын калың компаниялардын бирөө америкалык атактуу ырчы Уитни Нюстонду Астананын тоюна алып келип ырдатканы жатканы да айтылууда. Атайы мааракеге байланыштуу ачылган вебсайтта борбор шаардын керемет архитектурасы жана уникалдуу долбоорлор жөнүндө мактанган маалыматтар чыгууда.

Бирок майрамдык маанайга көлөкө түшүргөн да себептер бар. Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев мурдагы кайын атасы жөнүндө көптөн бери жазып жаткан китебин жарыкка чыгарды. Китептин Астана жөнүндөгү бабында Рахат Алиев борбор шаарды Астанага көчүрүүнү Назарбаев жеке коопсуздугу үчүн жасаган деп жазат. Бул жакта, анын пикиринде, эч кандай түстүү ыңкылаптар болбойт, анткени Астана жайгашкан чөлдүү талаада жайында аба кайнап, кырк градустан ашып кетет, кышкысын минус кырк градустан жогору болгон учурлар да көп.

Алиев ошондой эле өзүнүн вебсайтында жарыяланган китебинде борборду Астанага көчүрүү менен Назарбаевдин администрациясы казынанын акчасын каалагандай калчагандын жакшы жолун тапкан деп жазат. Азыркыга чейин мамлекеттик бюджеттен миллиондогон каражаттар Астанада өкмөттүк имараттарды жана атка минерлерге үй салууга жумшалып жатат.

«Керемет көрүнүштөрдүн ордуна мен калктан уурдалган миллиарддаган акчалардын кантип жоголуп жатканын гана көрдүм» деп жазат Алиев. Алиев эки жыл мурун Назарбаев менен чатакташып, башынан оомат кеткенден кийин азыр Австрияда жашайт. Президент Нурсултан Назарбаевдин мурдакы күйөө баласы Рахат Алиев 15-январда сыртынан 20 жылга соттолгон. Алиевди сот кылмыштуу топту уюштурду, адамдарды талап-тоноду, киши уурдады, өкмөттүк мүлктү натуура пайдаланды деп айыптаган.

Оппозициядагы саясий ишмерлер Алиевдин сын пикирлерине кошулушат. Алардын бири Коммунисттик партиянын лидери Серикболсун Абдулин мындай дейт:

"Мамлекеттик бюджеттин бараандуу бөлүгү Астанада көмүлүп жок болду. Мен көмүлүп деп айтып атканым, анткени жаңы имараттардын 70 пайызына чейин бош экендиги жөнүндө маалыматым бар. Жаңы имараттар жалаң гана өкмөт үчүн. Калктын камын көргөн адам муну жасамак эмес, -дейт Серикболсун Абдулин.

Казакстандын борборун Алматыдан Астанага которуу тууралуу чечим 1997-жылы 10-декабрда чыккан. Астана мурда Акмоло деп аталып, жайы мээ кайнаткан ысык, кышы кычыраган суук, 270 миң адам жашаган ээн талаадагы областтык борбор болгон.

Борборду Астанага көчүрүү идеясын колдогондор муну геосаясий коопсуздук көз карашынан алганда абдан туура чечим болгон деп айтышат. Алардын пикиринде Алматы Кытай менен Өзбекстанга өтө жакын жайгашкандыктан, коопсуздук жагы анча эмес эле. Акмоло өз кезегинде Орусияга жакын жайгашып, басымдуу калкы орустар болгондуктан, жикчил маанайдын күчөй турган коркунучу бар эле.

Назарбаев Астанада эбегейсиз көп курулуштарды баштап, Норман Фостер жана Киша Курокава сыяктуу атактуу архитекторлорду чакырып, шаар архитектурасын долбоорун чийдирткен. Азыр бул шаарда калктын саны 700 миңге чамалап, өлкөнүн мунайзат байлыгынын эсебинен бат эле дүркүрөп өсүп чон шаарга айланды.

Назарбаевдин саясий атаандаштары Астананын мааракесине байланыштуу дүңгүрөтүп той берүүнү сынга алып жатышат. Оппозициядагы социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары Өмүржан Козановдин айтымында, мааракелик иш чаралар Назарбаевге кошоматчылыктын гана көрүнүшү.

«Астананын мааркесине байланыштуу өткөрүлүп жаткан иш чаралар кандайдыр бир жасалма мүнөздө болуп жаткансыйт. Улуттун, калктын кудурет -кубатын майрамдоону ордуна биз бир адамды эле көкөлөтү мактап атабыз. Ушунун баары Астананын тоюнун алдында анча көнүлдүү эмес ойлорго жетелейт».

Көз каранды эмес белгилүү журналист Сергей Дувановдун айтымында, Астана жалаң байлар жашай турган гана шаар болуп калды.

"Шаардын сырткы көрүнүшүн алганда бул жерде улуттук өзгөчөлүктүн карааны да жок. Ага караганда Алматы, Тараз, Чимкент шаарлары өзүнчө улуттук жүзү бар шаарлар. Астананын өзүнүн жүзү жок, анын шарданган архитектурасынан башка эчтекеси жок. Бул карапайым адам үчүн эмес, президент акимчилиги, өкмөттүк атка минерлер үчүн, Казакстанда баары мыкты деген амбицияны көргөзүү үчүн курулган»,-дейт Сергей Дуванов.

Бул шаар 19-кылымда Акмолинск деген ат менен Cибирь казактары жердеген чеп болгон. 60 жылдары Казакстанда дың жерди өздөштүрүү бшталганда Целиноград деп аты өзгөргөн. Казакстан эгемендик алганда Акмоло деген эски аты кайтарылган. Ал эми 1997-жылы өлкө борборуна айланганда анын атын Астана деп жарыялашкан. Бирок ушуну менен эле ат алмаштыруу токтоп калчудай көрүнбөйт. 4-июнда Казакстандын парламентинде спикердин орун басары Токпакбаев борбор шаарды Нурсултан шаары деп атоо жөнүндө демилге көтөрүп чыккан. Токпакбаев жана парламенттеги жалаң бийликтин "Нур Отан" партиясынан шайланган башка депутаттар дагы Санкт Петербург, Вашингтон сыяктуу ири шаарлар дагы залкар мамлекет башчыларынын атынан коюлганын жүйөө кылып мисал тартышкан. Бирок Назарбаев бул сунуштан жумшак баш тартып, бул маселени кийинки урпактардын эркине калтыруу керек деп билдирген.
XS
SM
MD
LG