Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

18:30 Биринчи май райсоту “Замандаш” партиясынын төрагасы Муктар Өмүракуновду абакта кармоо мөөнөтүн дагы бир жумага узартты


Мындай чечим бүгүн кечке жуук аяктаган соттук отурумда кабыл алынганын “Азаттыкка” аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Кубан Абдымен билдирди. Ал ошондой эле “Замандаш” партиясынын өкүлдөрү бул иштин саясий себептери бар деген ойдо экенин жана бул боюнча партия жакын арада билдирүү таратаарын кошумчалады. Муктар Өмүракунов 3-июлда каржы полициясы тарабынан камакка алынып, шаардык милициянын убактылуу абагына киргизилген. Ага миграция боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы болуп иштеп турган учурда кызматынан кыянат пайдаланып, мамлекетке 4,5 миллион сомдук зыян келтирген деген айып тагылууда. (SM)

XS
SM
MD
LG