Бүгүн өлкө президенти Курманбек Бакиев президенттик администрациянын бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү. Ага ошондой эле мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу жана коопсуздук кеңешинин төрагасы Исмаил Исаков катышты. Иш-чарада азык-түлүк коопсуздугу, кыргыз-кытай-өзбек темир жолунун курулушу сыяктуу бир топ маселелер талкууланды. Жыйында өлкө башчы Ыссыккөл облусуна иш сапары менен бара турганы маалым болду. (AiJu)