Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:42

САЯСИЙ РЕЖИМДИН КАТУУЛУГУ СЕЗИЛЕ БАШТАДЫ


Коомдук жана саясий ишмерлердин баамында, Ошто оппозициялык маанайдагы партияларды, бейөкмөт уюмдарды ачык жана тымызын куугунтуктоо күчөдү. Алар атүгүл өлкөдө диктатордук режим жышааны сезиле баштады деп кабатыр. Буга улай мамлекеттик органдар мекендештеринин пикирлерин жүйөөсүз деп эсептешүүдө.

Мурдатан маалымдалгандай, түштүктө Коомдук кыймыл деп аталган бейөкмөт уюмдун 3-конференциясы ушул жумага пландаштырылган. Кыймылдын төрагасы Абдыкайым Кангелдиев «Азаттыкка» биллдиргендей, тилекке каршы, максат жүзөгө ашпастан үзгүлтүккө учурады. Кангелдиевдин кеңсеси мажбурланып жабылды.

- Коомдук кыймылдын үчүнчү конферециясын өткөрөлү деген максат менен делегаттарды чакырып пландаштырып койгон учурубузда, ошол биздин турган аренданын квартирасынын ээсин кысымга алышууда. Жергиликтүү бийлик жана орган кызматкерлери экендиги дайын болду. Бизде арендада турган жатакананы мажбурлоо менен кууп чыгарышты,- ушинтти коомдук кыймыл төрагасы Абдыкайым Кангелдиев.

Аңдообузга караганда, «Ата Мекенчилердин» деле маанайы жакшы эмес. Партиянын Ош облустук лидерлеринин бири Төлөгөн Келдибаев көмүскө куугунтук күчөгөндүгүн баса белгилеп, Кыргызстанда саясий уюмдардын тең өнүгүшүнө бирдей шарт түзүлбөй жаткандыгына кабатырланды.

- Бийликтин кемчиликтерин айткан партияларга, коомдук уюмдарга ачык куугунтук болбосо дагы, көмүскөдө куугунтук болуп атат. Азыркы күндө бардык партияларга бирдей шарт түзүлбөй атат. Бир гана “Ак жол” партиясына мекеме уюмдардын жетекчилерин куратор кылып бөлүштүрүп атат. Алардын эмгек акыларын, офистерин ремонттошун, арендаплаталарын чечкенге түртүп атат. Бул коррупция,- дейт «Ата Мекен» партиясынын облустук лидери Төлөгөн Келдибаев.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Арфидин Аланов жогоруда айтылган сын-пикирлерге таптакыр кошулбастыгын айтып, бийлик бардык уюмдарга бирдей мамиле жасап жаткандыгына мындайча токтолду.

- Мен ойлом мындай кысым биз жактан эч качан көрүлгөн эмес. Офистер азыр жеке менчик үйлөр, каалаган жерде тура берет. Эч ким тыюу салбайт, андай эч качан болгон эмес. Алардын тараптары жок. Алар өздөрүнүн күчсүздүгүн көрсөткөн үчүн биз аркылуу ушундай кылып атат. Биз бардыгы менен жакшы тыгыз байланышта иштейбиз. Алардын арасында экстремисттик көз караштагы адамдар бар. Алардын өздөрүнө жараша мамиле кылабыз. Бирок иштерине жолтоо болбойбуз,- деди биринчи вице-мэр Арфидин Аланов.

Саясат таануучу Санжар Тажиматовдун пикиринде Кыргызстанда диктатордук режимдин орношуна калк жол бербейт.

- Качан гана адамдарга эркиндик болгондо, адилеттүүлүк болгондо, өз оюн эркин айта алганда гана адамдардын негизги керектөөлөрү канаттандырат дагы, мындай чыр-чатактар азайышы мүмкүн. Мына биз тарыхтан жакшы билебиз, күч менен, зордуктоо менен башкарып келген режимдердин бардыгы кулаган. Демократиянын абасын жутуп калдык. Ошондуктан диктатордук нерселерге умтулуулар болсо дагы бул нерсеге мен ойлойм эл жол бербейт,- деген Санжар Тажиматов Кыргыз бийлиги өлкөдө чыр-чатак тутанышын каалабаса, оппозиция менен тил табышып иштешкенге милдеттүү деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG