Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

17:20 Панфилов районундагы жаштар комитети М. Конгантиевге кайрылуу жасашты


Бул туурасында Панфилов районундагы жаштар комитетинин башчысы Эмир Аманкулов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында министр жаз айында райондун тургундары менен жолугуп, анда жакшы окуган окуучулардын ИИМ академиясына эч кандай пара берүүсүз өтүүсүнө жардам берем деп убада кылган. Бул убаданын негизинде райондогу жаштар комитети үй шарты начар, аталуу жетим Акылай Эркинбек кызын Академияга тапшыртышкан. Бирок сынак учурунда анын өз күчү менен тапшырып жатканы эске алынган эмес. ЖОЖга өтүүдө коррупциянын күч алганына нааразыланган жаштар комитетинин кайрылуусу жоопсуз калган. Маселеге байланыштуу ИИМнин басма-сөз кызматына кайрылганыбызда кайрылууну министр М.Конгантиевдин өзүнө жеткирүүгө аракет кылаарын белгилешти. (JJ)

XS
SM
MD
LG