Учурда Кыргызстандын ар бурчундагы миңге чукул жаштар социологиялык иликтөөгө алынууда. Бул жаштар арасындагы диний экстремизм, жумушсуздук, саламаттык, билим деңгээлин аныктоо үчүн жасалып жаткан иш-аракет. Жаштар департаментинин демилгесинде ишке ашып жаткан бул долбоор жыйынтыгы күзгө барып белгилүү болмокчу. Улуттук статистикалык комиеттин билдирүүсүндө өлкөдө жаштар калктын дээрлик 43% түзөт. (EK)