Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

18:16 Быйыл Ысык-Көлдө тоют менен дан эгиндеринин түшүмү төмөн алынат


Ысык-Көл аймагындагы жалпы 424 миң гектар көп жылдык чөптүн биринчи чабыгы аяктады. Облустун айыл чарба башкармасы Жолдошбек Байсейитовдун маалымдаганына караганда, быйыл тоюттун түшүмдүүлүгү 40 пайызга, эгиндики 4 центнерге азайды. 103 миң гектар буудай аянтынан да 17 гана центнерден айланат деген болжол бар. Ысык-Көлдөгү мындай кырдаалды айыл чарба башкармасы кургакчылык менен байланыштырат. Өткөн жылы эгиндин ар гектарынан 21 центнерден түшүм алынганда да облуста буудай тартыш болгонун белгилеген адистер быйыл азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга убада бере албай атышат. (RB)

XS
SM
MD
LG