Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:26

АЛТЫН ЧАТАГЫ: СОТ СОЗУЛУП ЭЛЕ БАРАТАТ


15-июлда Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабековдун өкмөттүн «Кумтөр» алтын кен долбоорун өзгөртүү жөнүндөгү 2003-жылкы токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү доо арызын кароону 5-августка жылдырды. Экономикалык сот жоопкер тараптын К.Исабеков жеке өзү жаран катары же Жогорку Кеңеш атынан сотко кайрылышын тактоого убакыт бөлүп, өкмөт токтомун кийинчерээк териштирмей болду.

Сот жүрүшү алдында парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков канадалык компания менен жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзчү өкмөттүк комиссия түзүлүп бүткөнүн маалымдады. Анын айтуусунда, өкмөт 2003-жылдын 31-декабрындагы токтому мыйзамсыз экенин ырастап, ишти сотко жеткирбей эле бүткөрүп койсо болмок.

- Мамлекеттин кызыкчылыгын эстесе эртең эле токтом чыгарып жараксыз кылып койсо болмок. Н.Танаев өзүнүн кызыкчылыгыбы же башка бирөөнүн кызыкчылыгыбы – ошого иштеген экен деп токтомду четке кагып койсо, биз Башкы келишимге келебиз. Башкы келишим боюнча булар фабриканы 2007-жылдын 10-майында кыргыз өкмөтүнө өткөрүп бериши керек болчу. Мына маселе ошондо жатат!

Өкмөттүн экономикалык соттогу өкүлү Манас Арабаев жарым жылдан бери созулуп келаткан соттук териштирүүнү токтотушка үч негиз бардыгын отургандардын эсине сала кетти. Анын ырасташынча, доо-арыз мыйзам тартибиндеги убакты-сааты өткөндөн кийин берилген. Буга кошумча, өкмөттүн соттогу өкүлү К.Исабеков сотко парламенттин атынан кайрылдыбы, эгер андай болсо Жогорку Кеңештин андайга уруксат берген кагазы барбы суроосун койду.

- Башкы келишимде “Кумтөр” алтын кен долбооруна байланышкан талаштуу маселелердин баары эларалык арбитраждык сотто каралышы көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, тараптар башында эле талаштуу маселелерди эларалык укук негизинде чечип алуу зарылдыгын бекемдеп алышкан. Ошондуктан соттук териштирүүлөрдү токтотуу өтүнүчтөрү негиздүү деп эсептейм. Аны соттун өзү чечүүсүнө калтырам.

Сотко доо-арыз менен кайрылган К.Исабеков өкмөт менен канадалык компания өкүлдөрүнүн бирдей өтүнүч кылышына таң калбай деле калганын журналисттер алдында билдирди.

- Булардын өтүнүчтөрү: “Центерра Голддуку”, “Камеконуку”, өкмөттүкү, “Кумтөр Голд” компаниясы - баары бирдей арип менен бирдей текстти кагазга чыгарып келишиптир. Булар бир болуп калыптыр да. Оюн, мышык менен чычкандын ойнун жасап жатышат.

Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту Мыктарбек Алымкулов “Камеко” корпорациясынын өтүнүчүн четке кагып, К.Исабеков менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы талаш экономикалык сотто карала тургандыгын ырастады. Ал эми доогердин жеке өзү же Жогорку Кеңештин атынан сотко кайрылыш негизи жакын арада тактала тургандыгын маалымдады.

- Сот иш материалы менен таанышып, өкмөттүн өкүлү менен “Кумтөр” алтын кен компаниясы жабык акционердик коомунун өкүлүнүн өтүнүчүн эске алып, төмөнкүдөй бүтүмгө келди. Өкмөт өкүлү менен “Кумтөр” алтын кен компаниясы жабык акционердик коом өкүлүнүн соттук териштирүүлөрдү токтотуу жөнүндөгү өтүнүчү Жогорку Кеңештен жооп келгенче каралбай турсун.

Ошентип жарым жылдан бери чубалып келаткан талаштын териштирилиши дагы артка жылдырылды. К.Исабеков кыргыз өкмөтү кошумча нарк салыгынан бошотуп койгон “Кумтөр” алтын кен компаниясынан канча зыян келтирилгенин ачыкка чыгарды.

- Салык, бажы төлөмдөрүнөн, кошумча нарк салыгынан бошотуп койгон. Эми ошону эле эсептетсек булар 1 миллиард 56 миллион сом карыз болуп чыгып жатат. Жалгыз эле ошол кошумча нарк салыгынан. Бул үчүн иш козголуп булардын жетекчилери камалыш керек! Эмне үчүн алар 1 миллиард сомго мамлекетти чыгым кылганга акысы бар?

Кыргыз өкмөтү “Кумтөр” алтын кени боюнча “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен жаңы сүйлөшүүлөрдү баштоого киришкени турат. Өкмөт андагы акцияларынын санын көбөйтүп, өндүрүлгөн продукцияны бөлүштүрүү маселесин коюуга даярданууда.

XS
SM
MD
LG