Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

17:35 Жалалабат облусунда жумушсуздардын саны көп


Жарым жылда облуста 36208 кишинин иши жок экени ырасталды. 21314 киши жумушсуздуктун макамын алган. Ишсиздердин 74 пайыздан ашыгы айыл жаштары, тең жарымынан көбүрөөгү аялдар .Район-шаарлардагы калкты ишке жайгаштыруу жана миграция комитеттерине иш таап берүү өтүнүчү менен алты айда төрт миңден ашык киши кайрылган. Алардын элүү пайызы жумушка орноштурулган. Мындай маалымат облбийликтен алынды. Коомчулуктун пикири боюнча жумушсуздуктун өсүүсүнө эмгек акынын аздыгы, анын турмуш талабына дал келбегени, ишканалардын толук иштебегени себеп. Ишсиздик менен турмуштун начардыгынан Орусия жана Казакстанга иштегени кеткендердин агымы суюла элек. (YA)

XS
SM
MD
LG