Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:40

КЫРГЫЗСТАН-ОРУСИЯ: УБАДАЛАР ИШКЕ АШАБЫ?


Кыргыз президенти Москвага жасаган кечээки бир күндүк жумушчу сапары абдан ийгиликтүү жана натыйжалуу болгонун билдирди. Маалыматтарга караганда, Орусия жетекчилиги менен сүйлөшүүдө тараптар Кыргызстандын тышкы карызын кечүү боюнча маселенин үстүнөн иш баштоосу боюнча макулдашууга жетишкен. Мындан сырткары орус тарап кыргыз экономикасына, анын ичинде Камбар-Ата ГЭСтерине инвестиция салууга кызыкдарлыгын билдирген. Кыргызстандык айрым талдоочулар болсо бул көптөн бери эле айтылып келген сөз экенин, аны ишке ашыруу үчүн биринчиден кыргыз тараптан чечкиндүү аракеттер зарылдыгын белгилешүүдө.

Президент Курманбек Бакиев орус президенти Дмитрий Медведев менен эки сааттай сүйлөшүп, ага премьер-министр Владимир Путин да катышкан. Кыргыз президенти абдан жемиштүү болгон бул сүйлөшүүнүн жыйынтыгына өтө ыраазы болгонун, анын натыйжалары жакын арада сезиле баштаарын Москвадан кайтып келатып, учактын ичинде кыргызстандык маалымат каражаттары үчүн курган маегинде билдирди:

- Орусиянын президенти да, премьер-министри да Кыргызстанды экономикалык жактан колдоого, чоң-чоң инвестицияларды бергенге даярдыгын айтышканына мен абдан ыраазы болдум. Мен пайыздык үстөгү чоң болсо ала албайбыз, бизге үстөгү төмөн, узак мөөнөткө берсеңер, биз Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 ГЭСтерин өзүбүз бүтүрсөк десем колдошту.

Президенттин маалымат кызматы тараткан кабарга караганда, бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жакын арада жогорку деңгээлде жумушчу топ түзүлүп, ал Кыргызстан экономикасына инвестиция салуу маселесинин үстүнөн иш баштайт. Тараптар ошондой эле айыл чарбадагы кайра иштетүү тармагын инвестициялоо боюнча да пикир табышкан. Мындан сырткары кыргыз тараптын “Кыргызстан” авиакомпаниясы менен “Аэрофлоттун” ортосунда биргелешкен ишкана түзүү, мунай жана газ тармагына да орус инвестициясын тартуу сунуштары да Орусия жетекчилигинин колдоосун тапкан.

Канткен менен кыргызстандык айрым серепчилер мындай сөздөр эбактан бери айтылып, бирок ишке ашпаган куру убада бойдон келе жатканын белгилешүүдө. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, эгемендик алгандан бери деле бул эки өлкөнүн мамилеси жакшы делгени менен Бишкектеги кыргыз-орус славян университетинен башка бир дагы көзгө көрүнөөрлүк долбоор ишке ашкан жок.

- Биргелешкен бир дагы ири долбоор ишке ашкан жок. Убада, макулдашуулардын чегинде гана калууда. Тегеренип-тегеренип эле гуманитардык чөйрөгө келебиз. Бирок бул жакта деле өтө бир жетишип кеткен иштер жасалган жок.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов да бул эски сөз экенин, былтыр Орусиянын ошо кездеги президенти мыкты долбоорлор болсо Кыргызстандын экономикасы үчүн 2 миллиард долларга чейин инвестиция салууга даяр экенин айтып, бирок кыргыз тарап ага ылайыктуу долбоорлорду сунуштай албаганын, эми деле бул сөздөрдун ишке ашаарына көп ишене бербестигин айтат.

Аликбек Жекшенкулов ошондой эле кыргыз бийлиги Орусиядан инвестиция тарткысы келсе ириде инвестиция, салык саясатына, коррупцияга байланышкан ички маселелерди чечип алышы керек деп эсептейт:

- Кыргыз бийлиги Орусиядан инвестиция алып келебиз десе инвестиция, салыкка, коррупцияга жана криминалга (кылмыш дүйнөсүнө) байланышкан маселелерди чечиш керек. Ушул төрт маселе чечилсе Орусиядан бизге 2 млрд. эмес, андан да көп инвестиция келиши мүмкүн. Ага орус тараптын толук мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргызстандын Орусияга болгон карызы боюнча маселе да буга чейин бир канча жолу козголуп, бирок ал чечилбей келет. Карыз болсо күн санап өсүүдө. Кечээки сүйлөшүүдө да бул маселе козголуп, тараптар бул карызды кечүүнүн үстүнөн иш баштоо боюнча макулдашууга жетишкен.
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев болсо Орусия бул карызды жөн эле кечип жибериши кыйын деген ойдо:

- Орусия Кыргызстандын карызын анча-мынчасын кечсе да, толук бойдон кечпейт. Биз кайырмакка жакшы илинип турабыз да. Карызы болсо дайыма көз каранды болот. Бизде АКШнын авиабазасы турат, башка шарттар болуп турат. Орусия менен чек арабыз да жок. Ошондуктан булар кайсы багытта кетип калат, андан көрө карыз болуп турганы жакшы деген сөз да. Болбосо ишеничтүү мамлекеттер эч убакта минтип карызга илип-байлап мамиле кылбайт...

Кыргызстандын Орусияга 192 миллион 743 миң доллар карызы бар. Карыздын үстөк пайызы болсо улам өсүп, соңку айларда эле ал 1 миллион 229 миң долларга көбөйгөн.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG