Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

КЫЛЫМ АДАМЫНЫН КЫРКЫ


Шайлообек Дүйшеев, Бишкек Кечээ Кыргызстан Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кыркын белгиледи. Бул жолку гезиттер да бир келген кыргыз уулун кайрадан эскерүү менен жарык көрдү.

“Улуу адам алтургай коомго өлүмү менен да кызмат кылат. Айтматовдун дүйнө салышы улутту бириктирчү күчкө айланды. Бийлик менен оппозиция балким бир тынымга өлүм жөнүндө ой таштап, ортого элди коюп алып, эмне максат менен бири-бирибизге душмандашып жатабыз деп санаа тартар бекен. Уят менен ар намыстын жүгүн тарткан, ошого кызмат кылган, өзүнүн бүткүл өмүрүн өзү сүйгөн Эли менен Жерине арнаган адамсыз жашап жатканыбызга да кырк күн болду” деп жазды “МСН-суббота” гезити.

“Кыргыз туусу” гезити Улуу жазуучунун кыркына гезиттин беш бетин арнады. Гезиттин башкы редактору Кыяс Молдокасымовдун суроолоруна жооп берген интервьюсунда белгилүү журналист Эсенбай Нурушев “Албетте кыргызда “жалгыз үйдүн жабуусун жарым күн ырдаган” ак таңдай акындар, “жетимиш бурку эл көрүп, жетимиш бурку тил билген” билимгерлер, “жетимиш илек кол келсе жеке кирип кол салган” баатырлар, айтор, өз өнөрү менен өзгө-жатка таанылган адамдар көп эле болгон. Бирок алардын бири да кыргызга кылган кызматы жагынан эки улуу ысымга жете алган эмес. Бири-Тагай бий Тянь-Шань аймагында курама урууларды жыйнап, кыргыз деген журт кылса, Айтматов ошол үркөрдөй элдин атын дүйнөгө таанытты. Айтматовго окшогон адамдарды ар кандай элдин шыбагасына буйруй бербейт” деп айтты.
Гезит ошону менен бирге эле Айтматов иликтөөчү, белгилүү окумуштуу А. Акматалиевдин бир бет ырын, айтылуу акын А. Акималиевдин ой толгоосун, окурмандардын, ошондой эле жээни Г. Досалиеванын “Чыңгыз таякем келатканда Карагыз чоң апам жоолугу түшкөнчө чуркачу” деген эскерүүлөрүн басты. Гезит Чыңгыз агабыздын эң жакшы көргөн инилеринин бири, калемдеш досу, казак менен кыргыздын калк акыны Мухтар Шахановдун коштошуу ырын да сунуш кылды. Бир-эки оромун окуй кетели.

Ал көтөргөн маңкурттануу маселесин алалык,
Бул кылымда маңкурт болуу нагыз бакыт саналып.
Ийгиликтей, асыл иштей элге жатат таралып.
Атпай журтту бул илдеттен сактап калса болобу,
Үч-төрт казак, кыргызыңдын экөө маңкурт оболу.
Жеткен жери ушулбу элдин канча кылым жол жүрүп,
Маңкурт эмес башчы көрсө таң калуучу болду журт.

Сени өлдү деп ким айталат Чыңгыз ага, улуу ага,
Ар чыгармаң кайталанбас жеке, улуу мунара.
Жетинчи рух санаасынын жүлүнүнөн жагар от,
Сендей дос жок мен шордууга, сенден жакын ага жок.
Көз жумганың күчөтсө да жүрөгүмдүн жарасын,
Тынбай жалгай бересиң сен элдин, журттун арасын.
Ооба, экинчи Манассың сен, Манаска тең баатырсың,
Маңкурттарды адам бол деп, рухка үндөп жатырсың.
Жана Эне табигайтка үндөш болуп жанасың,
Эми Ала Тоодон да зор, Чыңгыз Тоо болуп каласың!...

“Жаңы кылым” гезити “Жакырчылыкка “атака” же эңшерилген экономика” аттуу макаласын жарыялап, анда айтыла берип тил тешилген энергетика көйгөйү тууралу сөз кылды. Гезит Тажикстандын президент Эмомали Рахмон биздин жектекчилердей качан гана Токтогул ГЭСинде суу азайгандан кийин уйкусунан чочуп ойгонуп тура калбастан, энергетикага жооптуу адамдарын катуу эскертүү бергенин мисалдап, биздин президент болсо андай чиновниктерин жоопко тартмак тургай, ансыз да карайлаган калкты тезек тергиле деп айтканын, эми жакындан баштап атка минерлер свет дагыв өчүрүлөт деп жаңшай башташканын, электр энергиясынын тарифтери эле жогропруласа абал оңолот деген сөздөрдүн жалганга чыкканын турмуш далилдеп жатканын баядады.

“Кыргыз туусу” гезити президент Бакиевдин Аламүдүн районун кыдырып, чакан ГЭСтер менен таанышып жүрүп: “Эми мындан ары электр энергиясы менен жылытылган мектептер көмүр менен жылытканга өтүүгө тийиш. Быйыл кыш оор болот. Эми мурдагыдай эле электр энергиясын пайдаланып кыштан чыгып кетем деген адаттан арылыш керек. Былтыр кышта электр энергиясы өчүрүлгөн эмес. Быйыл өчөт. Түңкү жарык болбой калышы ыктымал”-деп айткан сөздөрүн басты.

“Агым +” гезити “дачамды өрттөдү, акчамды уурдады” деген доо менен 15 жыл койнунда жаткан аялы Асел Айнидинованы атактуу кинорежиссер Болот Шамшиев соттоттуруп ийгенге жанталашып атканын, “ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей “Замандаш” партиясынын жетекчиси Муктар Өмүракунов камакка алынганына алдастабай, миңдеген жактоочуларын көчөгө алып чыкпай, өзүнүн актыгын сабырдуулук менен далилдегени Муктардын жигиттигинен кабар берерин, “Агым” гезитин сотко берген А. Жекшенкулов 25 миң сом утуп алдым деп сүйүнчүлөп жүргөнүн, 2005-жылы Акаевдин уулу Айдар криминалдык авторитеттерге акча берип, азыркы президент Бакиевдин уулу Максимдин өмүрүнө кол салууга эки жолу аракет жасаганын Казакстан менен Орусия чалгындоо кызматтарынын жашыруун маалымат булактарына таянып жазганын кабарлады.

“МСН-суббота” гезити чыры бүтпөгөн алтын маселесине макалалар топтомун арнап, күзгү сессия ЖК депутаттарынын “алтын безгеги” менен башталарын, “Кумтөр” кенинин айланасындагы чатакка балким чекит биротоло ошондо коюлушу мүмкүндүгүн кабарлады.
XS
SM
MD
LG