Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Кышка жетерлик суу топтош амалында өкмөт энергияны үнөмдөөнүн көнүмүш адатына өтүп жарык өчүрмөйдү жакын арада кайрадан баштаганы турат. Тармактагы коммерциялык, жоготуулардын саны азайган жери жок. Энергетикалык кризистин айынан өлкөдө өнөржай өндүрүш ырааты төмөндөп, залакасы жалпы экономикага тийүүдө. “Азаттыктын” бүгүнкү “Бетме-бет” талкуусунун катышуучулары: Өнөржай, энергетика, отун-суу ресурстары министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов менен парламенттин мурдагы депутаты, “Туран” партиясынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев мына ушул темага кайрылышмакчы.

Бекташ Шамшиев: - Батыркул мырза, мына дагы электр энергиясын өчүрүү башталганы жатат. Мунун натыйжасында “Токтогул” суу сактагычында суу толуп, ушуну менен маселе чечилиши мүмкүнбү же кышка даярдыктын абалы начар бойдон кала береби?



Батыркул Баетов: - Бул маселеге бир тараптуу жооп бериш кыйын. Анын бир себеби ушу тапта суу сактагычтагы суунун көлөмү 9 миллиард кубометрдин тегерегинде болуп жатышына байланыштуу. Экинчи жагынан толушу да күмөн. Анткени быйыл былтыркыга караганда суунун келиши эки эсеге аз болуп жатат. Мына азыр секундуна 450 кубометр эле суy акса, былтыр ал 860 кубометр болчу. Энергияны үнөмдөө жалгыз эле өчүрүү эмес, үйдү жылыткан үч фазалуу жылыткычтарды да өчүрүүгө аракет кылып жатабыз. Анан да жылыткычтарды көмүргө өткөрүү боюнча даярдык иштерди жүргүзүп жатабыз.

Бекташ Шамшиев: - Тайырбек мырза, суунун топтолуп жатканы тууралуу көп эле айтылып жатат. Бирок ошол эле убакта суунун коңшу өлкөлөргө көп берилип жатканы деле айтылып келатат. Суу маселеси азыр кандай болуп жатат? Чын эле топтолуп жатабы же акырын жең ичинен кошуналарга кетип жатабы?

Тайырбек Сарпашев: - Муну текшериш абдан татаал. Менин айтайын дегеним башка нерсе. Биз дайыма проблеманы бүгүнкү күндөн баштап карап жатабыз. Анын тээ тамырынан баштап талдаган эчким жок. Бул боюнча мындан эки жыл мурда эле иш козголуш керек эле. Анткени беш жыл бизде суy жакшы келээрин, беш жыл бизде суу азаярын элдин баары, өзгөчө менин Кетмен-Төбөлүк туугандарым, абдан жакшы билишет. Муну энергетиктер деле жакшы билишет.

Ошол суу келген мурдагы жылы кылмыштуу жол менен ченден ашык көп суу Өзбекстан менен Казакстанга жай мезгилинде кетип калган. Коррупциялык жол менен кеткен. Ошого бүгүнкү күнгө чейин эч ким жооп берген жок. Анын ордуна актануу, калп, жалган сүйлөө, мунун баары суунун аз келгенинен деп жатышат. “Токтогул” ГЭСи курулгандан бери эле суу маселеси чыкпай станция такай иштеп келген. Анткени “Токтогул” суу сактагычында толгон суу бул биздин энергетикалык капчыгыбыз, казынабыз. Анда сууну жетиштүү сактап, үнөмдүү пайдаланып, бир циклдан экинчисине жетерлик кылып сактаса болмок. Бирок андай иш жасалган жок. Анын натыйжасында энергетика тармагы кризиске капталууда.

Ал эми өчүрүү маселесине келсек, мына Батыркул Исаевич да айтып жатат, ал эч кандай пайда берген жок. Өчүрүүлөрдүн айынан биздеги чакан, чоң-чоң ишканалар миллиондогон-миллиондогон сомдук товардык продукция өндүргөн жок. Бюджетке ошончолук акча түшкөн жок. Ошончолук адамдар иштей албай отурушат, ишканалар токтоп турат.

Чүйдүн бир топ жерлеринде болуп келдим. Ошол жерлерде муздаткычтары иштебей, жабдуулары кыймылсыз токтоп турушат. Пландуу өчүрүүлөр болбой, туш келди өчүрүүлөр болуп жатат. Ушул өчүрүүлөрдү да энергетиктер коррупцияга айлантып, “мен сеникин өчүрбөйм, сен мага мынча чыгарып бересиң” дегенге өтүп кетишти. Батыркул Исаевич айтып жаткан тилеги жакшы, бирок ылдый жакка түшүп көрсөңүз, кандай өчүрүп жатканын көрөсүз.

Айрым эсептөөлөр боюнча мына ушул өчүрүүлөрдөн Кыргызстан экономикасы 700 миллион доллар зыян тартты деген сөз бар. Ички дүң продукту. Мунун тактыгына жооп бере албайм. Бирок өчүрүүлөр үнөмдөөгө караганда абдын көп зыян берди.

Бекташ Шамшиев: - Батыркул мырза, өчүрүүлөр чын эле чоң зыян алып келип жатабы? Анын ички дүң продукт көлөмүнө чоң таасир тийгизгени бул жерде да айтылды. Ал эми жаңы өчүрүүлөр Кыргызстан экономикасын биротоло сызга отургузуп койбойбу?

Батыркул Баетов: - Цикл болуп келатканы туура, бир жыл аз, кийин көп. Былтыр кыш катуу болуп кычырап турду го. Ошондо биз өчүргөн жокпуз. Запастагы 6,5 миллиард кубометр суу электр энергиясын өндүрүүгө кетти. 2 миллиард кубометр суу кышында агып келди. Ошентип 8,5 миллиард кубометр суу менен чыктык. Ошондо “Токтогул” суу сактагычы эңшерилип калды десек болот.

Чектөө жаздан башталды. Биз апрель айында каалагандай чектөөлөргө жетиштик. Бирок анын өнөр жайга тескери таасири, албетте, болду. Анан май айында чектедик. Июнь-июль айларында былтыркы жылдын деңгээлинде электр энергиясын бөлүштүрүү тапшырмасы берилген. Ошол жерде кээ бир областтар, мисалы, Ош, Жалал-Абат, Талас областтары былтыркы жылкы чектөөлөрдөн төмөнүрөөк пайдаланышты. Калгандар андан дагы бир аз көбүрөөк пайдаланышты. Чектөөлөрдүн кандай пайда-зыяны бардыгына биз түшүнүп калдык. Бул биздин тарыхыбызда биринчи жолу болуп жаткан иш.

Эми өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Бирок биз өндүрүштү, өнөр жай ишканаларын бөлүштүрүү компаниялары менен, “Электр тармактары” менен макулдашып, өчүрүүлөрдү график түрүндө ишке зыян кылбагыдай кылып түзүшүбүз керек.

Бекташ Шамшиев: - Тайырбек мырза, мына коммерциялык жоготуулар делген уурдоолор белгилүү бир деңгээлден төмөн түшпөй койду. Мына өчүрүүлөр болуп жатат. Бирок уурдоолор жоголгон жок, азайган жок. Мунун себеби эмнеде?

Тайырбек Сарпашев: - Себебин баарыбыз билебиз. Качан гана мынабу бөлүштүрүүчү тармактар энчилүү колго өтмөйүнчө уурдоолор улана берет. Энергетикадагы реформа жылган жок. Реформалар 1998-жылы башталып, 2001-жылдары бүтүш керек болчу. Ошол кезден бери экономикалык себептер менен эмес, жалаң саясий себептер менен мурдагы-азыркы бийлик муну токтотуп келатат.

Бул реформаны аягына жеткизмейинче энергетикадагы жоготуулар азайбайт. Мына бөлүштүрүүчү тармактарды жеке колго өткөзөбүз деп жатышат. Аны реформалабайын бизде жоготуулар эч качан азайбайт. Реформа жүргүзгөн өлкөлөрдү карасак, мына мисалы, бизде бүгүнкү күндө жоготуулар 40 пайыздын тегерегинде болсо жоготууларды 7 – 10 пайызна чейин түшүрүп, ошонун эсебинен экономикалык жагына оңдосо болот. А бирок бүгүнкү күндө керектөө болууда. Болгону ошол 40 пайыз акчасы гана чогулбай жатат. Иштетилип чыккан энергия жумшалып жатат. Атүгүл ал социалдык жактан жакыр үйбүлөлөрдү колдоп жатат. Билинбегени менен бүгүнкү күндө энергетика сектору социалдык сектор болуп калган. Ал көп адамдарды социалдык жагынан коргоодо.
Уурдаганын дале кыргыздар эле уурдап жатышат. Ага бөгөт коюш үчүн сөзсүз реформаны аягына чыгарыш керек.

Бекташ Шамшиев: - Батыркул мырза, ушул уурдагандар, кедейлер эле уурдайбы же байлар деле андай иштерди жасайбы?

Батыркул Баетов: - Уурдаганы текши эле уурдайт. Бул бир. Экинчиден “ток уурулук” биздин улутта уялбай турган эле иш болуп калды. Башка нерсе уурдаса мүмкүн уялар, бул жерде уялышпайт. Айыл-кыштакта эки кышты коюп үстүнө бармактай болгон оромо зым менен үйүн да жылытып, тамагын да бышырып отургандарды көрүп эле жүрбөйбүзбү. Тайырбек туура айтты. Былтыр мисалы, жалпы жоготууну 36 пайыз менен жапканбыз. Азыр алтын айда, анын ичинде январь, февраль сындуу көп жаккан айларда жоготуулар 35,3 пайыз болду. Анын 19,1 пайызы техникалык жоготуулар. 16,2 пайызы уурдоолор. 1,3 пайызды азайтыш оңой менен келбейт экен. Мунун ичинде жанагы 19,1 пайыз жоготуулар, бөлүштүрүүчү компаниялардын жабдууларын жаңылап чыгуyга 250 миллион доллар инвестиция керек экен. Ошондо техникалык жоготууларды азайтса болот.

Бекташ Шамшиев: - Жана реформа жайында кеп болуп калды. Тайырбек мырза, Бишкек жылуулук борборунун жеке колго өтүш маселеси козголуп жатат. Бул маселе козголгону менен азырынча эч кыймылсыз турат. Эгер абал ушул ыңгайынан жазбаса кышкысын бишкектиктер жылуулуксуз калышы мүмкүнбү?

Тайырбек Сарпашев: - Бишкек жылуулук борбору (БЖБ)– ТЭЦ кожоюну алмашылбаса эч нерсе деле болбойт, андан трагедия чыкпайт. Негизи БЖБ кантип иштетүү, аны көмүр менен камсыз кылуу, өзбектер менен казактарга кандай суу берип жатабыз аны Батыркул Исаевич өзү айтып берет. Май - июнь айында чектөөлөрдү алып салдык деп айтып жатышпайбы. Анын артында өзбектер менен казактарга суу бердик деген сөз турат. Аны ачык эле айтыш керек. Суу агызылганда электр энергиясы иштелип чыгат да. Ал эми БЖБ жөнүндө айтсак, аны кайсы бир жанкечти эле келип албаса, азыркы тариф менен, өзүн-өзү актабаган ишкананы ким алсын.

Бир кезде “Энергохолдинг” жетекчиси Жамалбек Түлөбердиев “ТЭЦти мен 10 сомго деле сатканга даярмын” деп айткан. Анткени БЖБ өзүн-өзү актабаган компания. Ал өндүрүп чыгарган электр энергиясынын баасы бери дегенде эле “Токтогул” ГЭСинен чыккан электр энергиясынын өздүк наркынан 50 эсе жогору турат. Бишкек жылуулук борборун алыш үчүн аны башка бир компанияга байлап же тарифти 3 эсе көтөргөндө гана ал бизнес объектисине айлана алат. Ага чейин ал саясий гана объект бойдон тура берет. Элдер көчөгө чыгып кетпеши үчүн жылуулук берип турчу ишкана.

Бекташ Шамшиев: - Жеке колго өтчү Бишкек жылуулук борбору, Бишкек жылуулук тармактары, “Түндүк электр” ишканаларынын тагдыры кандай болуп жатат? Батыркул мырза, ушуга токтоло кетсеңиз.



Батыркул Баетов: - Мамлекеттик мүлк комитети башында турган мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Алар жеке компаниялар. Өкмөткө үч вариантта сунушубузду бергенбиз. Анын ичинде түз сатуу, концессияга берүү, ишенимдүү колго башкарууга берүү бар.

Ошол эле учурда ушул үч компанияны Бишкек жылуулук борбору, Бишкек жылуулук тармактары, “Түндүк электр” чогуусу менен сатуу же өз-өзүнчө сатуу каралган. Анын баары өкмөттө жатат. Анан мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш өзүнүн акыркы сөзүн айтыш керек. Ушул варианттын бирөөнө өкмөт токтолушу керек.

Тайырбек Сарпашев: - Батыркул Исаевич, мен ушул сунушту 2003-жылдан бери өкмөткө киргизе албай келатам. Биp нерсе десек эле, Америкада ушундай экен, Европада ушyндай экен деп айтышат. Анан энергетикада кооперативдик менчик деген да бар.

Менин сунушум ошол экономикалык үлгү кылып алабыз деген Америкадан алып келинген болчу. Аны А. Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда колуна алып барып тапшыргам. Ошол боюнча столунда калган болуш керек. Ал жерде гидроэнергетика өнүккөн штаттарда энергетика элдин колунда. Кооперативдик менчиктин колунда. Ошол нерсени булар уккусу да келбейт. Көрсө да көрмөксөнгө салат.

Ар бир керектөөчү абонент, мисалы, бир райондо 15 миң болсо, ошол 15 миңи коопертивге мүчө болуп кирет да бөлүштүрүүчү тармакты мамлекеттен ажыратып кетип, кандайдыр бир шарт менен иштетет. Ал эми кооперaтивдин жетекчисин ошол абоненттер шайлайт. Ошол кооперaтивдик менчикти киргизүү үчүн бир шаарды - мен Кара-Көл шаарын сурадым. Кара-Көл шаарын кооперативдик менчикке өткөрөлү дедим. Буга да болбой коюшту. Демек, мунун аркасында экономика өссүн, энергетика алдыга жылсын деген саясат эмес, менин чөнтөгүм толсун, андан кийин “маа десе сел алып кетсин” деген саясат жүрүп жатат.

Бекташ Шамшиев: - Ушуга улай суроо. Батыркул мырза, энерготармак кайсы бир капчыгы калыңдын энчисине кетиш үчүн даярдалып жатат, деген сөз жүрүп жатат. Ушул сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

Батыркул Баетов: - Мындай сөздөр негизсиз. Анткени кыйынчылык түшкөндө эле ким күнөөлүүнү издей баштайт эмеспи. Жогорку Кеңеш бекиткенден кийин тендер уюштурyлат, андан соң инвестициялык келишим түзүлөт. Мына жакында аллюминий заводу боюнча канча кыйналдык. Бир жылдан бери келишим түзүп жатабыз. Ошондой эле инвестициялык келишим түзүлгөндө ал жерде бардык шарттары айтылат. Анда жеңип чыккан компания же компаниялар башкаруунун кандай түрүн тандап алышына мүмкүндүк түзүлөт. Анан алдын-ала бирөө жеңет дегенге мен ишенбейм.

Бекташ Шамшиев: - Тайырбек мырза, мына жакында эле момундай маалымат чыкты. Өзбекстан Казакстанга берилген сууну өткөрбөй коюптур, ошондуктан казак тарап Кыргызстандан сууну бербей эле токтотуп койгула деген өтүнүч түшүптүр деген. Бул Борбор Азиядагы суу урушунун, сyу талашынын башталышы болбойбу?

Тайырбек Сарпашев: - Экспорт маселесине келгенде мен өкмөттү да министрликти да колдогум келет. Жанагы коррупция, жең ичинен сууну сатып ийген буга кирбейт. Бул абдан чоң саясий маселеге айланып баратат. Ошондуктан жалаң эле Кыргызстан менен Казакстан же Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда эмес, менимче ал Өзбекстан менен Казакстан ортосундагы Америка же Орусия багытында болуп жаткан чоң саясий күрөштүн курмандыгы болуп жатат. Бул маселеде биз этият болушубуз керек.

Кыш келатат. Энергия дегенде сиз экөөбүз жалаң эле электр энергиясын ойлобостон, газды да ойлоп коюшубуз керек. Газ баасын быйыл үч эсе көтөрүшкөнү турат. Мага жеткен маалымат боюнча 500долларга жетет экен. Мазутту көтөрүшкөнү турат. Бишкек жылуулук борборуна жагылчу.

2002-жылы Турдакун Усубалиев экөөбүз сууну сатуу жөнүндө мыйзам жаздык эле. Ошол мыйзам ишке киргенче, акырындап сууну сатмайынча, кубун баалап, ошол биз үлгү кылган Америка менен Канаданын ортосунда суунун баасы 850 миллион долларга сууну сатып алып жатышат. Ошентип сууну сатууга өтмөйүнчө бул жерде эч качан маселе чечилбейт.

Бекташ Шамшиев: - Батыркул мырза, Казакстан тараптан ошондой өтүнүч түшкөн жокпу? Бизге деген сууну Өзбекстан өткөрбөй койду, сууну агызбай эле токтотуп койгула деген.

Батыркул Баетов: - Андай маалымат түшкөн-түшпөгөнүн билбейм. Бул маселе бар. Анткени төрт тараптуу жолугушуулар эки ирет жыйынтыксыз аяктаган. Көбүнчө Өзбекстан эки тараптуу гана сүйлөшүүлөргө даяр болуп, төрт тараптуу сүйлөшүүлөргө каршы болуп жатат. Анан бул жерде Кыргызстан менен Казакстандын экономикалык мамилери мурдатан эле жеңил чечилип келатат. Өзбекстан менен маселелерди өтө оор чечип келатабыз.

Ошон үчүн төрт тараптуу сүйлөшүүлөр ЕвразЭС боюнча, КМШ жагынан болсун такай көтөрүлүп келатат. Бирок жыйынтыгы аз болууда. Азыркы күндө Европа биримдиги ушул маселеге кийлигишип Бишкекте суу-энергетика академиясын ачкан. Бул маселени Канада менен АКШ, Индия менен Пакистан чечкендей эларалык норма негизинде чечүү аракетин жасап келатат. Ошондо суy маселесин туруктуулук факторуна айлантабыз. Бул энергетика менен экономикадан да маанилүү маселе.

Ал эми Казакстанга бараткан суунун токтотулуп калышы бир чети саясий, экинчи жагынан конкрет экономикалык маселе. Бул жакынкы күндөрдө чечилет.

Бекташ Шамшиев: - Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайм! Студияга келгениңиздер үчүн чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG