Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

ТЕГЕРАНДЫН АЛДЫНДА КЫЗМАТТАШУУНУН ЖЕ КЫРЧЫЛДАШУУНУН ЖОЛУ ТУРАТ


Кубат Чекиров, Прага Дүйнөнүн кубаттуу алты өлкөсү Иранга өзөктүк программасын жөнгө салуу үчүн мурда берилген сунуштарга так кесе жооп берүү үчүн эки жума убакыт беришти. Ишембиде Женевада БУУнун туруктуу мүчөлөрү жана Германия менен Ирандын өкүлүнүн ортосунда өткөн сүйлөшүүлөр ушундай жыйынтык менен бүттү. Бул сүйлөшүүлөргө биринчи жолу АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Уилям Бернс катышты. Батыш державалары Иран үчүн эми Кытай, Орусия, Франция, Британия, Германия жана АКШ менен кызматташуунун же кырчылдашуунун жолун тандап алышы калды деп белгилешүүдө.

Британиянын премьер-министри Гордон Браун эгер Иран уранды байытууну токтотуу жөнүндө БУУнун талаптарын аткаруудан баш тартса, дүйнөлүк коомчулук менен тирешип таптакыр обочодо калары жөнүндө Тегеранга кезектеги эскертүүнү жасады.

Гордон Браун бул жөнүндө бүгүн Израилдин парламенти Кнессетте сүйлөгөн сөзүндө айтып өттү. Ал ошондой эле Британия АКШ жана Европа Биримдигиндеги өнөктөштөр менен бирге Ирандын өзөктүк куралдануу программасын ооздуктоо боюнча иштерди күчөтө турганын баса белгиледи. Гордон Браун Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежаддын Израилди коркуткан билдирүүлөрүн жийиркеничтүү иш деп атады.

-Коркутуп-үркүткөн билдирүүлөрү бизге жетпей калды дегендерге биз бир ооздон жооп беребиз: Ирандын президентинин Израилди жер жүзүнөн жексен кылууга чакырып жатканы жийиркеничтүү жана жол берилгис жорук,-деп айтты Гордон Браун.

Жакынкы Чыгышка сапарын баштап жаткан АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс дагы эл аралык коомчулуктун ак ниет сунуштарына Иран олуттуу жооп кайтарышы керек экенин, эгер жакын арада өзүнүн өзөктүк программасын токтотпосо Тегеранга жаңы санкциялар салынарын билдирди.

Мамлекеттик катчы бүгүн Абу-Дабиге барып өзүнүн орун басары Уилям Бернс менен жолугат. Бернс Женевада ишембиде өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат бермекчи. АКШнын жогорку даражалуу өкүлү Ирандын өзөктүк программасы жөнүндө сүйлөшүүлөргө биринчи жолу катышкан болчу.

Женевадагы сүйлөшүүлөргө Европалык Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Хавер Солана, БУУнун мүчөлөрү Кытай, Орусия, Франция, Британия жана Германиянын өкүлдөрү, ал эми Иран тараптан улуттук коопсуздук боюнча катчысы Саид Жалили катышкан.

Сүйлөшүүлөрдө мурда күтүлгөндөй Ирандын өзөктүк программасы, уранды байытуу иштерин токтотуу жөнүндө маселе түздөн-түз талкууланган жок. Саид Жалилинин өзүнүн айтымында, «Женевалык кеңешменин катышуучулары сүйлөшүүлөрдүн графиги, алкагы жана аны кайрадан улантуу ыкмалары» жөнүндө гана сөз кылышкан. Ирандын өкүлү ошондой эле тараптардын жолугушуусун конструктивдүү жана прогрессивдүү мүнөздө болду деп баа берип, кеңешменин жыйынтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу жөнүндө бүтүм болгонун билдирди. Агенттиктердин маалыматында, Ирандын президенти Махмуд Ахмажинежад Женевада өткөн сүйлөшүүлөрдү алга карай жасалган кадам катары бааларын билдирген.

Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн алдында Европалык Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Хавер Солана БУУнун беш мүчөсүнүн жана Германиянын атынан Тегеранга берилген сунуштар боюнча Ирандын коопсуздук катчысынын жообун угууну максат кылып атканын билдирген. Эгер Иран уран байытуудан баш тартса дүйнөлүк державалар бул өлкөгө ар кандай экономикалык колдоолорду, көп тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде тынчтык максаттагы өзөктүк программаны ишке ашыруу боюнча сунуштарды убада кылып жатышат.

Эгерде Иран менен сүйлөшүүлөр үзүрүн бербесе, Батыштын кубаттуу өлкөлөрү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санцияларын жаңы толкунун алып чыгуу ниетинде турушат. «Рейтер» агенттиги Браундун кеңешчисине шилтеме берип, Браун Ирандын мунайзат жана газ тармагын кысмакка алган санкциялар болушу ыктымалдыгын жокко чыгарбай турганын билдирген. Бирок Орусия менен Кытай мындай катаң жолго түшүүдөн этият болуп келатышат. Алардын жообу эки жумадан кийин эл аралык алтылыктын сунуштарына Тегерандын берген жообуна жараша болмокчу.

XS
SM
MD
LG